Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө Россиянын үлүшү 31.6% түзөт – ЭКМ министри Данияр Амангелдиев

Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө Россиянын үлүшү 31.6% түзөт – ЭКМ министри Данияр Амангелдиев

Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана соода көлөмү боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу тогузунчу кыргыз-орус аймактар ​​аралык конференциясынын пленардык жыйынында КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

«Бүгүнкү күндө КР Россиянын 81 субъекти менен тыгыз байланышта. 40тан ашык келишимге кол коюлган, анын ичинде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча келишимдер бар. Ошондой эле аймактар ортосунда дос жана боордош мамиле орнотуу боюнча 10дон ашык макулдашуу иштейт.

Бүгүн, 9-кыргыз-орус аймактар ​​аралык конференциянын алкагында дагы бир катар келишимдерге кол коюу пландалууда… Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндөгү Россиянын үлүшү 2021-жылы 31.6%ды, анын ичинде экспортто – 24.9% жана импортто – 33.6% түздү», – деди министр.

Мындан тышкары окуңуз

Соода борборунан 36 млн сомдук зер буюмдуарын алдап алып кеткендер кармалды

Соода борборунан 36 млн сомдук зер буюмдуарын алдап алып кеткендер кармалды

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы борбор калаада өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 13-декабрында милицияга Т.А. аттуу жаран кайрылып, аз тааныш болгон Ч. жана Н. аттуу аялдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Билдирүүгө ылайык, соода борборлорунун биринде эки аял ишенимге кирип, алдоо жолу менен 36 млн

Быйылкы жылга карата фитир-садаканын өлчөмү белгиленди

Быйылкы жылга карата фитир-садаканын өлчөмү белгиленди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылга карата фитир-садаканын өлчөмүн бекиткенин мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Быйыл ар бир адам үчүн фитир-садака төмөнкү өлчөмдө белгиленди: * 1,6 килограмм буудай — 60 сом; * 1,6 килограмм мейиз — 880 сом; * 1,6 килограмм ун — 90 сом; * 3,2 килограмм арпа — 100 сом; * 1,6 килограмм

Ош мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан алынып, ордуна Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Ош мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан алынып, ордуна Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулуп анын ордуна Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жанарбек Акаев Кубанычович 2011-жылы Ош мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн. 2008-2014-жылдары “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматында эмгектенген. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы. 2015-жылдын 4-октябрында КСДП

Чүй облусунун суу сактагычтарындагы топтолгон суу быйыл 36%га көп

Чүй облусунун суу сактагычтарындагы топтолгон суу быйыл 36%га көп

2026-жылдагы сугат мезгилине даярдык Чүй облусунда пландуу жүрүп жатканын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда Санжар Жантаев билдирди. Анын айтымында: * Облус аймагында жалпы көлөмү 253,145 млн куб метрди түзгөн 269 суу сактагыч бар. * Азыркы учурда 168,81 млн куб метр суу топтолгон. * Келерки сезондо айдоо аянты 418 миң 764 гектарды