Эгерде курулуш компаниясына кылмыш иши козголсо, объектилеринин курулушу токтотулат

Эгерде компанияга кылмыш иши козголсо, объекттердин курулушун токтотуу боюнча прокуратурага тапшырма берилди. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Маалым болгондой, башаламан курулуш маселеси боюнча талкууга Бишкектин төрт районунан келген жарандар катышкан.

«Биз башаламан курулуштар боюнча депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдүк. Комиссиянын отурумдары дагы уланат. Эгер башаламан курулуш боюнча көйгөйүңүз болсо, комиссияга кирген депутаттарга кайрылыңыз», – деп жазган депутат.

Бекешев комиссия кийинки жыйынга Бишкек шаарынын мэрин жана Мамкурулуштун жетекчисин чакыра турганын кошумчалады.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто электр жарыгын үнөмдөө үчүн чектөөлөр киргизилиши мүмкүн

4 жылда Кыргыз-Түркмөн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,8 эсеге өскөн

Чынгыз Эсенгул уулу маданият министринин биринчи орун басары болду

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт