Кыргызстанда Борбордук Азияда али жок электробустар чыгарылат
Бишкек жана Ош шаарларында толугу менен Кыргызстанда жасалган «Beles.KG» брендинин автобустарын жана электробустарын ишке киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына ишкананын башкы директору Мирбек Аскалиев билдирди.
Троллейбустарды жана дизелдик автобустарды чыгарган бул завод 2012-жылдан бери иштеп келет. Техникалык жактан компания ички транспортту чыгарууга даяр. Бишкек жана Оштун мэрияларынан буйрутма күтүлүп жатат, бирок электробустар шаарлардын кайсынысында биринчи пайда болору азырынча так айтыла элек.
«Автобустарды сатып алуу боюнча Бишкек шаарынын мэриясы менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Эми саны боюнча жооп күтүп жатабыз, 10 автобуска буйрутма келери күтүлүүдө. Ал эми Ош жана Жалал-Абад шаарларына электробустарын жеткирүү маселеси талкууланды», – деп түшүндүрдү ишкана жетекчиси.
Электр энергиясы менен иштеген автобустун маркасы BELES, модели UMUT e12 деп аталат. Техникалык мүнөздөмөгө ылайык, бир аккумулятордун заряды менен иштеген электробус жайында 250 км, кышында 230 км жол жүрө алат.
Белгиленгендей, электроавтобустар толугу менен «Белес» деген өз брендинин астында Кыргызстанда, эч кандай чет элдик маркалардын катышуусу жок чыгарылат. Ата мекендик транспорттун дизайнын кыргызстандык дизайнер Олег Ермаков (Steel Drake) иштеп чыккан.
«Долбоор Кыргызстанга гана багытталган эмес. Биздин пландарыбызга КМШ өлкөлөрүнө жана Чыгыш Европага электробустарды, автобустарды жана троллейбустарды сатуу кирет. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынан буйрутмалар түшсө, биз шаарларыбыздын техникалык талаптарына ылайык электробус, троллейбус жасап чыгарууга кубанычтабыз», – деп баса белгиледи Мирбек Аскалиев.
Айта кетсек, буга чейин россиялык өнөктөштөр кыргызстандык электробустарды сатып алууга кызыгышкан.


