Кыргызстанда аялдардын айлыгы орто эсеп менен эркектердин айлыгынын 75%ына барабар

Кыргызстанда аялдардын айлыгы орто эсеп менен эркектердин айлыгынын 75%ын түзөт. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Статистика боюнча республикада эркектердин орточо эмгек акысы 22 миң сомду түзсө, аялдар орто эсеп менен 16.5 миң сом алышат.

Эки тармакта гана аялдар эркектерге караганда көбүрөөк айлык алышат – билим берүү жана искусство тармагында.

Билим берүү тармагында аялдар 15 миң сом, эркектер 14.6 миң сом алат. Искусствого байланыштуу жумуштарда аялдардын жарымы 11.2 миң сом, эркектер болсо 10.5 миң сом алат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто электр жарыгын үнөмдөө үчүн чектөөлөр киргизилиши мүмкүн

4 жылда Кыргыз-Түркмөн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,8 эсеге өскөн

Чынгыз Эсенгул уулу маданият министринин биринчи орун басары болду

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт