Кыргызстандын Ирандагы элчилиги Тегеран шаарында өткөн «Ислам дүйнөсүндөгү туризм» Биринчи эл аралык көргөзмөсүнө катышты

Кыргызстандын Ирандагы элчилиги Тегеран шаарында өткөн «Ислам дүйнөсүндөгү туризм» Биринчи эл аралык көргөзмөсүнө катышты

Кыргызстандын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги 2022-жылдын 7-8-июнунда Тегеран шаарында өткөн “Ислам дүйнөсүндөгү туризм” Биринчи эл аралык көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ирандын Туризм министрлигинин, туроператорлор ассоциациясынын жана “Шахре Афтаб” көргөзмө комплексинин жетекчилиги Кыргызстандын элчилиги тарабынан уюштурулган кыргыз павильонунда болушту, анда өлкөбүздүн туристтик дараметин, маданиятын чагылдырган видео- жана басма материалдар, туристтик фирмалардын каталогдору жана брошюралары, Кыргызстандын кооз жерлери тууралуу маалыматтар сунушталган.

Ошондой эле көргөзмөнүн жүрүшүндө туристтерди алмашуу боюнча Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар ирандык 20дан ашык туристтик компаниялар менен жолугушуулар болуп, байланыштар түзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.