«Манас» аэропортун жаңылоого 400 млн доллар алуу пландалууда

«Манас» аэропортун жаңылоого 400 млн доллар алуу пландалууда

«Манас» аэропорту Борбор Азиядагы ири аймактык түйүнгө айланмакчы. Жалпысынан 400 млн доллардан кем эмес инвестиция тартып келүү пландалууда. Бул тууралуу МЖӨ борборунун директору Санжар Болотов журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Маалым болгондой, учурда борбор «Манас» аэропортун модернизациялоо жана өнүктүрүү» МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн эл аралык инвесторлор тартылат деп болжолдонууда. Макулдашуунун мөөнөтү бүткөнчө жүргүнчүлөрдүн саны кеминде 9 миллионго чейин көбөйөт. Учурда жүргүнчүлөрдүн агымы 2.1 млн адамды түзөт.

«Биз сапаттуу кызмат көрсөтүшүбүз керек, өткөрүү жөндөмдүүлүгү, терминалдар менен камсыз кылышыбыз керек. Аэропорт ансыз деле кирешелүү, бирок кирешени дагы бир нече эсе көбөйтсөк болот. Эң эле аз талабыбыз – бул конуу тилкесин толугу менен реконструкциялоо. Бизде учактар жетиштүү түрдө жумшак коно албайт жана туман каптаганда кыйынчылыктар болуп турат, ошондуктан биз көп нерсени жакшыртышыбыз керек», – деди Болотов.

Долбоордун жүрүшүндө төмөндөгү жумуштар жасалат:

·        учуу-конуу тилкесин толук реконструкциялоо;

·        эски жабдууларды заманбап жабдууларга алмаштыруу;

·        иштеп жаткан жүргүнчүлөр терминалын модернизациялоо жана жаңысын куруу;

·        жүк терминалын куруу;

·        аэропорттун ички инфраструктурасын жакшыртуу жана анын коопсуздугун жогорулатуу;

·        көп кабаттуу автопарк куруу.

Белгилеп кетсек, инвесторлор ачык сынак аркылуу тандалмакчы. Биринчи кезекте өнөктөштүн квалификациясы жана аэропортту башкаруудагы тажрыйбасы каралат.

Мындан тышкары окуңуз

Соода борборунан 36 млн сомдук зер буюмдуарын алдап алып кеткендер кармалды

Соода борборунан 36 млн сомдук зер буюмдуарын алдап алып кеткендер кармалды

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы борбор калаада өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 13-декабрында милицияга Т.А. аттуу жаран кайрылып, аз тааныш болгон Ч. жана Н. аттуу аялдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Билдирүүгө ылайык, соода борборлорунун биринде эки аял ишенимге кирип, алдоо жолу менен 36 млн

Быйылкы жылга карата фитир-садаканын өлчөмү белгиленди

Быйылкы жылга карата фитир-садаканын өлчөмү белгиленди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылга карата фитир-садаканын өлчөмүн бекиткенин мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Быйыл ар бир адам үчүн фитир-садака төмөнкү өлчөмдө белгиленди: * 1,6 килограмм буудай — 60 сом; * 1,6 килограмм мейиз — 880 сом; * 1,6 килограмм ун — 90 сом; * 3,2 килограмм арпа — 100 сом; * 1,6 килограмм

Ош мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан алынып, ордуна Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Ош мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан алынып, ордуна Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулуп анын ордуна Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жанарбек Акаев Кубанычович 2011-жылы Ош мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн. 2008-2014-жылдары “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматында эмгектенген. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы. 2015-жылдын 4-октябрында КСДП

Чүй облусунун суу сактагычтарындагы топтолгон суу быйыл 36%га көп

Чүй облусунун суу сактагычтарындагы топтолгон суу быйыл 36%га көп

2026-жылдагы сугат мезгилине даярдык Чүй облусунда пландуу жүрүп жатканын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда Санжар Жантаев билдирди. Анын айтымында: * Облус аймагында жалпы көлөмү 253,145 млн куб метрди түзгөн 269 суу сактагыч бар. * Азыркы учурда 168,81 млн куб метр суу топтолгон. * Келерки сезондо айдоо аянты 418 миң 764 гектарды