Өндүрүүчүлөр соода түйүндөрү кыргыз товарларын рынокко киргизбей жатканын айтып нааразы
Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы ички соода жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө комментарийин жарыялады. Анда жергиликтүү өндүрүүчүлөр соода түйүндөрү кыргыз товарларын кантип рынокко киргизбей жатканын айтышты.
Economist.kg билдирүүнүн толук текстин сунуштайт.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстан 80%га чейин импорттон көз каранды. Ал турсун, май, ун, эт жана башка эң зарыл продукцияларды чет өлкөлөрдөн импорттоого мажбур. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр олуттуу потенциалына карабастан, бир катар факторлордун, анын ичинде чекене соода түйүндөрүнүн кыргызстандык өндүрүүчүлөргө карата киргизген тоскоолдуктарынан улам өнүкпөй жатат.
Чекене соода дүкөндөрүндө жергиликтүү продукцияны сатуу үчүн оор шарттарды коюшат, анын ичинде:
· 15% га чейин ретро-бонустар деп аталган сатылган товарлардын жалпы суммасынан комиссия алуу.
· кошумча маркетингдик жана жарнамалык кызматтарды таңуулоо.
· товар акысын төлөөнүн узакка созулушу – бул чынында өндүрүүчүлөрдүн эсебинен чекене соода түйүндөрүнө пайызсыз кредит бергенге барабар, ал эми импорттук товарлар 100% алдын ала төлөө менен сатып алынат.
· кирүү бонустары деп аталган сатуу укугу үчүн акы алуу.
Басмырлоочу соода шарттары ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн мотивациясын түшүрөт. Башка өлкөлөрдөн продукция алып келүүдө артыкчылыктар түзүлүп, жергиликтүү өндүрүштүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү азайып, бул мамлекет үчүн түздөн-түз экономикалык жоготуу болуп саналат.
Буга байланыштуу КР Жогорку Кеңешинин депутаттары «Ички соода жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи. Бүгүнкү күндө мыйзам долбоору коомдук талкуудан жана белгиленген тартипте КР ЖК каттоосунан өттү, министрликтерден жана ведомстволордон, анын ичинде Экономика министрлигинен колдоо алды.
Мыйзам долбоору менен Кыргызстанда өндүрүлгөн тамак-аш азыктарын өткөрүүчүлөргө акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде үчүнчү жактар менен продукцияны жарнамалоо, логистикалык кызматтарды көрсөтүү боюнча келишимдерди, товарларды даярдоо, кайра иштетүү, таңгактоо жана башка ушул сыяктуу кызматтар боюнча келишимдерди түзүүгө мажбурлоого тыюу салынат. Мыйзам долбоорунда Кыргызстандык өндүрүүчүлөр тарабынан чекене соода түйүндөрүнө бардык төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнө 5%га чейин чектөө киргизилет. Ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында сатылган товарлардын төлөө мөөнөтүн кыскартуу сунушталууда. Бүгүнкү күндө товардын акысын төлөө мөөнөтү товарды алган күндөн тартып 45 күнгө чейин созулат.
Соода түйүндөрү эң керектүү товарлардын баасын күтүүсүздөн бир күндүн ичинде өзгөртүп жиберүүсү, азык-түлүк коллапсын жаратып коюу мүмкүнчүлүгү кырдаалды ого бетер кыйындатат. Маселен, 2022-жылдын 28-майында Монополияга каршы мамлекеттик агенттик Globus дүкөндөрүнө кумшекерди складдан дүкөнгө чыгарбай жаткандыгы үчүн эскертүү жасаган. Бул суроо-талап жана сунуш менен манипуляциялоо деп эсептелет. Соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүштү коргогон мыйзамдардын кабыл алынышына каршы туруу аракетин учурдагы азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирүү катары караса болот. Азыркы геосаясий шартта өлкөбүздүн азык-түлүк жагынан көз карандысыздыгы мамлекеттин башкы маселелеринен болуп саналат.
Ушуга байланыштуу Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы Базарлар ассоциациясынан мамлекетибиздин азык-түлүк жана экономикалык коопсуздугун коргоо маселелерин эске алуу менен, ички соода боюнча мыйзам долбоорун жакшылап карап чыгууну жана чындыкка дал келбеген корутундуларды, маалыматты мыйзам долбооруна аралаштырбоону суранат.
Бүгүнкү күндө Ассоциациянын бардык мүчөлөрү ички соода боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун колдоп жатышат», – деп билдирди ассоциация.