«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы боюнча дээрлик 5 миң арыз түштү
10-майда башталган Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясы боюнча “Салык чек” мобилдик колдонмо аркылуу катышуучулардан 4739 даттануу келип түшкөн.
Кайрылуулардын көбү кассалык чектин берилбегендигине жана кассалык аппараттын жоктугуна, ошондой эле колдонмонун иштөөсүнө (чектерди текшерүү жана билеттерди берүү) байланыштуу.
Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 3927 арыз каралып чыккан. 212 субъектиге карата кассалык машиналарды колдонбогондугу жана чек бербегендиги үчүн административдик айыптар салынган.
Калган арыздар кассалык чек бербеген субъекттин дареги же аталышы көрсөтүлбөгөндүгү үчүн, ошондой эле башка тема боюнча кайрылгандыгы үчүн каралган эмес.
Салык кызматы бүгүнкү күнгө карата “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясына 58 608 адам катышып жатканын эске салды. Алар 3 млрд сомдон ашык суммага чектерди сканерлешкен. Утушка катыша турган 2.9 млн электрондук лотерея билеттери (ID номери) берилген.
Биринчи утуш 1-июлда Ала-Тоо аянтында өтүп, анда 2 автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер ойнотулат.