Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү иштери активдүү уланууда

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү иштери активдүү уланууда

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору этап-этабы менен ишке ашырылып жатат. Долбоор өлкөнүн электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана энергетикалык туруктуулукту камсыздоого багытталган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Евразиянын Стабилизация жана Өнүктүрүү фондунун колдоосу менен каржыланып, техникалык коштоо жана инженердик көзөмөл Fichtner GmbH & Co. KG компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Долбоор үч лотко бөлүнүп, эл аралык подрядчылар тартылган. Тендердин жыйынтыгында 1 жана 2-лот боюнча DEC–SM консорциуму, 3-лот боюнча Sinohydro Bureau 16 компаниясы аныкталган.

Учурда курулуш жана уюштуруу иштеринин негизги бөлүгү аткарылды: курулуш аянтчалары даярдалып, подрядчылардын имараттарынын фундаменттери куюлду, металл конструкцияларды монтаждоо башталды. Ошондой эле экинчи гидроагрегатты ишке киргизүүгө даярдык иштери жүрүп жатат.

Долбоор бекитилген графикке ылайык ишке ашырылып, өлкөнүн энергетикалык кубаттуулугун жогорулатууга жана улуттук энергетикалык системанын ишенимдүүлүгүн бекемдөөгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы жетим баланын мүлктүк укугун калыбына келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда В.К. аттуу томолой жетим баланын турак-жайы жок экени жана мыйзамда каралган тартипте үй менен камсыздалбаганы аныкталган. Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин балага Богатыровка айылынан үй куруу үчүн 600 чарчы метр жер

Ишкер Media
Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУ алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкка артыкчылык берерин белгилеп, Уюмдун аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүү зарылдыгын

Ишкер Media
Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ош шаарында Мамыров көчөсүндө оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалым болгондой, Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашуун жол толугу менен жаңыртылып жатат. Учурда жолдун биринчи катмар асфальты төшөлүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулууда. Ошондой эле жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланды. Жол

Ишкер Media
Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media