Манаста акциздик маркасы жок 10 миңден ашык тамеки аныкталды

Манаста акциздик маркасы жок 10 миңден ашык тамеки аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Манас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте рейддик салык контролунун жүрүшүндө шаардын борбордук базарынан акциздик маркасы жок тамеки продукциясын аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, иш-чаранын жүрүшүндө акциздик маркасы жок жалпы суммасы 1 млн 163,4 миң сомду түзгөн 9 миң 695 даана тамеки буюмдары, ошондой эле 24 таңгак мыйзамсыз электрондук тамеки жана 33 даана тыюу салынган түтүнсүз тамеки продукциясына окшош заттар (снюс) табылган.

Аныкталган товарлар мыйзамда белгиленген тартипте тартып алынып, тиешелүү материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, салык контролун жүргүзүүдө кызмат адамдарынын мыйзам талаптарына тоскоолдук кылуусу мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик чараларына алып келет.

Ошондой эле маркасы жок акциздик продукцияларды сатуу үчүн жоопкерчилик чаралары каралган: 200 даанага чейин сатууда — 100 миң сом өлчөмүндө айып пул, ал эми 200дөн ашык санда сатууда — 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Тоң районунда туризмден түшкөн салык 18,1 млн сомду түздү

Ошто өрттөн үч өспүрүм каза болуп, үй ээси ооруканага жеткирилди

Баткенде 27 млн сомдук жаңы көпүрө ачылды

Кыргызстан менен Азербайжан экология тармагында кызматташууну талкуулады

Түптө 5 жылда 55 ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлдү