Казакстандын FlyArystan авиакомпаниясы Нур-Султандан Бишкекке үзгүлтүксүз каттай баштады
Казакстандын FlyArystan авиакомпаниясы Нур-Султан – Бишкек – Нур-Султан багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамын ачты. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын (Кыргызстандын бардык аэропортторунун оператору) басма сөз кызматы билдирди.
FlyArystan жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү каттайт. Учуу убактысы – 2 саат.
Белгилей кетсек, учурда Нур-Султан – Бишкек – Нур-Султан багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды казакстандык Air Astana авиакомпаниясы гана аткарат. Ал жумасына төрт жолу – дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү учат.