Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар жоюлушу мүмкүн

Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар жоюлушу мүмкүн

Мамлекеттик нотариустардын ыйгарым укуктары бара-бара жеке нотариустарга өтөт. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдирди, деп жазат 24.kg.

Комитет “Нотариат жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.

Сыдыковдун айтымында, дүйнөлүк практикада мамлекеттик жана жеке нотариус деп бөлүү жок.

«Биз жеке нотариустун укуктарын мамлекеттик менен теңдештирүү, ошондой эле бул тармакты өнүктүрүү үчүн нотариустар палатасын түзүүнү сунуштап жатабыз. Анын алдында этика боюнча комиссия иштейт», – деп түшүндүрдү ал.

Сыдыков белгилегендей, жеке нотариустар 1998-жылы иштеп баштаган. Бул убакыт аралыгында 825 лицензия алынып, азыр алардын 357 лицензиясы жарактуу. Республика боюнча 90 мамлекеттик нотариус иштейт.

«Нотариустар 23 иш-аракет жасоого укуктуу, бирок алардын ичинен жеке нотариустар 18ин аткара алышат, башкача айтканда, бешөө мамлекеттик нотариустардын компетенциясында. Бул монополия жаратып, жарандардын тандоо укугун чектейт. Бардык укуктарды акырындык менен жеке нотариустарга өткөрүп берүү менен биз мамлекеттик нотариустарды жоюуну көздөп жатабыз», – деди Юстиция министринин орун басары.

Мындан тышкары окуңуз

Манаста акциздик маркасы жок 10 миңден ашык тамеки аныкталды

Манаста акциздик маркасы жок 10 миңден ашык тамеки аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Манас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте рейддик салык контролунун жүрүшүндө шаардын борбордук базарынан акциздик маркасы жок тамеки продукциясын аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Тактап айтканда, иш-чаранын жүрүшүндө акциздик маркасы жок жалпы суммасы 1 млн 163,4 миң сомду түзгөн 9 миң 695 даана

Садыр Жапаров Европа парламентинин депутаттарын кабыл алды

Садыр Жапаров Европа парламентинин депутаттарын кабыл алды

Садыр Жапаров бүгүн, 18-февралда Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациянын төрайымы Джузеппина Принчи баштаган Европа парламентинин депутаттарын кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, адам укуктарын коргоо жана сөз эркиндигин камсыз кылуу маселелери талкууланды. Мамлекет

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү иштери активдүү уланууда

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү иштери активдүү уланууда

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору этап-этабы менен ишке ашырылып жатат. Долбоор өлкөнүн электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана энергетикалык туруктуулукту камсыздоого багытталган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Евразиянын Стабилизация жана Өнүктүрүү фондунун колдоосу менен каржыланып, техникалык коштоо жана инженердик көзөмөл Fichtner

“Ала-Арча” жаратылыш паркында асма жолдун ачылышы болду

“Ала-Арча” жаратылыш паркында асма жолдун ачылышы болду

Бүгүн, 18-февралда КРнын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда “Ала-Арча” жаратылыш паркында гондоль тибиндеги асма жолдун ачылыш аземи болду.  Анын жүрүшүндө өлкө башчы, акыркы жылдары мамлекет тарабынан “Ала-Арча” жаратылыш паркындагы инфратүзүм толугу менен жаңыланып, туристтер үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлүп жаткандыгын билдирди. “Узундугу 1 чакырымды түзгөн, саатына миңге жакын адамды тоонун