Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы курулууда
Кыргызстанда аталган электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) үчүн «Датка» 500 кВ көмөк чордонунда атайын курула турган 500 кВ чөнөктөн 455.6 км ЭБЧ тартылып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун Тажикстандын чек арасына чейинки аймактары аркылуу өтөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүнкү күндө төмөнкү курулуш иштери аткарылган:
- 1094 (88%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду,
- 1023 (82%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды,
- 927 (75%) тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду,
- 598 (48%) тирөөч орнотулду.
Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1241.
Азыркы учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү иштер жүрүп жатат. Ишке 150 бирдиктеги атайын техникалар, машиналар, траспорттук каражаттар жана 329 жумушчу тартылып, анын 70%га жакынын жергиликтүү тургундар түзөт.
Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.
Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын – Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.





