Кыргызстандыктардын 35%ы жумушта телефонго алаксыйт

Кыргызстандыктардын 35%ы жумушта телефонго алаксыйт

“Сизди жумуштан эмне алаксытат?” деген темада HeadHunter жумуш издөөчү онлайн-платформасы өзүнүн headhunter.kg сайтында кыргызстандык кызматкерлер арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Ага 278 респондент катышкан.


Көптөгөн нерселер жумуштан алаксытып, жумушту өз убагында бүтүрүүгө жолтоо болот. Кеңседе иштөөдө да, алыстан иштөөдө да мындай факторлор көп.

Баарынан да кыргызстандыктар интернетке көз каранды. Жумуш учурунда мессенджерлерге жана социалдык тармактарга алаксып кетерин сурамжылоого катышкандардын 35%ы моюнга алган. Алардын ичинде:

  • 20%ы ар бир беш мүнөт сайын телефонун текшерет;
  • 21%ы ар бир жарым саатта текшерет;
  • жана 31%ы – саатына бир жолу телефон тиктейт.

Ошол эле учурда, өзүнүн мындай “кибер-көз карандылык” жаман адаты менен респонденттердин 45%ы күрөшүп келет. Жумуш күн убагында 14%ы телефонун такыр карабайт, дагы 5%ы жумуш учурунда чалууларга жооп бербейт. Калгандары так жооп айта албай коюшкан.

Респонденттерге социалдык тармактарды жана почталарды тынымсыз текшерүүдөн (35%) тышкары

  • уйкучулдук (21%),
  • кечигүү (13%),
  • тамеки тартуу (16%),
  • улам тамак жегиси келүү (9%) жолтоо болот.

Респонденттердин 6%ы гана ишинде эч нерсеге алаксыбайт экенин айтышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр 935, быйыл 132 этникалык кыргыз "кайрылман" макамын алды

Былтыр 935, быйыл 132 этникалык кыргыз "кайрылман" макамын алды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 2025-жылы 935 этникалык кыргыз "кайрылман" макамын алган. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Алардын ичинен: Өзбекстандан — 66, Тажикстандан — 837, Кытайдан — 12, Россиядан — 9, Афганистандан — 10, башка өлкөлөрдөн — 1 адам. "Кайрылман" макамы тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн

Манаста акциздик маркасы жок 10 миңден ашык тамеки аныкталды

Манаста акциздик маркасы жок 10 миңден ашык тамеки аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Манас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте рейддик салык контролунун жүрүшүндө шаардын борбордук базарынан акциздик маркасы жок тамеки продукциясын аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Тактап айтканда, иш-чаранын жүрүшүндө акциздик маркасы жок жалпы суммасы 1 млн 163,4 миң сомду түзгөн 9 миң 695 даана

Садыр Жапаров Европа парламентинин депутаттарын кабыл алды

Садыр Жапаров Европа парламентинин депутаттарын кабыл алды

Садыр Жапаров бүгүн, 18-февралда Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациянын төрайымы Джузеппина Принчи баштаган Европа парламентинин депутаттарын кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, адам укуктарын коргоо жана сөз эркиндигин камсыз кылуу маселелери талкууланды. Мамлекет

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү иштери активдүү уланууда

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү иштери активдүү уланууда

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору этап-этабы менен ишке ашырылып жатат. Долбоор өлкөнүн электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана энергетикалык туруктуулукту камсыздоого багытталган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Евразиянын Стабилизация жана Өнүктүрүү фондунун колдоосу менен каржыланып, техникалык коштоо жана инженердик көзөмөл Fichtner