Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун алдын ала маршруту аталды
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Торугарт – Макмал – Жалал-Абад аркылуу курулушу мүмкүн. Мындай алдын ала маршрутту бүгүн, 28-июнда, Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев министрлер кабинетинин жыйынында көрсөттү.
Анын айтымында, долбоордун тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемеси ушул жылдын декабрь айына чейин иштелип бүтөт.
«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоору – уникалдуу долбоор, аны ишке ашырууга биз өзгөчө көңүл бөлөбүз. Тиешелүү мамлекеттик органдар керектүү даярдык иштерин өз убагында бүтүрүүсү зарыл”, – деди минкаб төрагасы Акылбек Жапаров.
Жолугушуунун жүрүшүндө башка инфраструктуралык долбоорлорду куруу маселелери да талкууланды.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол линиясы үч өлкөнүн темир жолдорун, андан ары Перс булуңунун өлкөлөрүн, Түркия Республикасын европалык темир жол тармагы менен байланыштырышы керек.