Туризм бизнеси өлкөнүн бюджетин 338 млн сомго толуктады

Туризм бизнеси өлкөнүн бюджетин 338 млн сомго толуктады

Жыл башынан бери туризм тармагында иш алып барган бизнес Кыргызстандын бюджетин 338 млн сомго толуктады. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда, Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди, деп маалымдайт 24.kg.

Анын айтымында, былтыр пандемиянын кесепеттеринен улам туристтер аз келген, көптөгөн объектилер иштеген эмес. Быйыл болсо туризм тармагында өсүү жана пандемияга чейинки көрсөткүчтөрдүн калыбына келиши байкалууда. 15-августтан кийин жыйынтыктар белгилүү болот.

«Азыр өсүш байкалып жатат. Эгерде 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында туризм тармагы бюджетке 231 млн 110 миң сом салык төлөсө, быйыл ушул эле мезгилде 338 млн 175 миң сом түштү», – деди Кенжематова.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев Өзгөндөгү жаңы мектептин ачылышына катышты

Адылбек Касымалиев Өзгөндөгү жаңы мектептин ачылышына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Жылалды айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңы мектеп республикалык бюджеттен 152 млн сом каражат бөлүнүп курулуп, 275 орунга ылайыкталган. Имарат заманбап окуу класстары, китепкана,

Испания компаниясы күн электр станциясын курууга кызыкдар

Испания компаниясы күн электр станциясын курууга кызыкдар

Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде Solartec World Company S.L.компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды. Анын ичинде күн электр энергиясын өндүрүү үчүн фотоэлектрдик панелдерди орнотуу, ошондой эле эркин экономикалык аймакта тез тургузулуучу жана экологиялык жактан таза үйлөрдү чыгаруучу комбинат куруу маселелери каралды. Өзгөчө

Бакыт Төрөбаев Кара-Суудагы жазгы талаа иштерине даярдыктарды текшерди

Бакыт Төрөбаев Кара-Суудагы жазгы талаа иштерине даярдыктарды текшерди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп, жазгы талаа иштерине даярдыктар менен таанышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрликтин аймактык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Кара-Суу районунун акими, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Былтыр Бала-Саруу ГЭСи 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн

Былтыр Бала-Саруу ГЭСи 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн

Бала-Саруу кичи ГЭСи 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Бүгүнкү күндө пландалган 1,7 млн кВт/сааттын ордуна 2,15 млн кВт/саат өндүрүлүп, план 24%га ашык аткарылды. Бул көрсөткүч станциянын жабдууларынын жогорку даярдык деңгээлин жана персоналдын тынымсыз эмгегин көрсөтөт. Бул тууралуу Энрегетика министрлигинен