Былтыр Бала-Саруу ГЭСи 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн

Былтыр Бала-Саруу ГЭСи 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн

Бала-Саруу кичи ГЭСи 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Бүгүнкү күндө пландалган 1,7 млн кВт/сааттын ордуна 2,15 млн кВт/саат өндүрүлүп, план 24%га ашык аткарылды. Бул көрсөткүч станциянын жабдууларынын жогорку даярдык деңгээлин жана персоналдын тынымсыз эмгегин көрсөтөт. Бул тууралуу Энрегетика министрлигинен билдиришти.

Учурда кубаттуулугу 5 МВт болгон бир гидроагрегат иштеп жатат. Сугат мезгили башталганда үч гидроагрегат тең толук ишке кирип, электр энергиясынын көлөмү кыйла көбөйөт.

Бала-Саруу кичи ГЭСи аймактын энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошууну улантууда. Станция 2024-жылдын май айында пайдаланууга берилген, Киров суу сактагычында, Талас облусунда жайгашкан. Орнотулган кубаттуулугу — 25 МВт.

Мындан тышкары окуңуз

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы жетим баланын мүлктүк укугун калыбына келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда В.К. аттуу томолой жетим баланын турак-жайы жок экени жана мыйзамда каралган тартипте үй менен камсыздалбаганы аныкталган. Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин балага Богатыровка айылынан үй куруу үчүн 600 чарчы метр жер

Ишкер Media
Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУ алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкка артыкчылык берерин белгилеп, Уюмдун аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүү зарылдыгын

Ишкер Media
Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ош шаарында Мамыров көчөсүндө оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалым болгондой, Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашуун жол толугу менен жаңыртылып жатат. Учурда жолдун биринчи катмар асфальты төшөлүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулууда. Ошондой эле жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланды. Жол

Ишкер Media
Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media