Быйыл туризм тармагынан дээрлик 50 млн доллар түшкөн - ИДПдагы үлүшү 2.9%
2022-жылы туризм тармагынан түшкөн киреше 49.5 млн долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда 2022-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында Маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтымында, туризм секторунан түшкөн киреше 82%га өскөн.
«2022-жылы туризм тармагынан түшкөн киреше 49.5 млн долларды түзүп, анын ИДПдагы үлүшү 2.9%га жетти. Өткөн жылдын ушул мезгилинде тейлөө тармагынан түшкөн киреше 27.1 млн долларды түзгөн эле», – деди Жаманкулов.
Ошондой эле ал жыл башынан бери Кыргызстанга алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн 3 млн 823 миң турист келгенин, туризм тармагындагы негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 584.8 млн сомго жеткенин жана бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10.5%га көп экенин кошумчалады.
Анын ичинен:
- Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдөн — 49.5 млн сом түшкөн, былтыркыга салыштырмалуу 82%га көп.
- Туризмге салынган инвестиция — 584.8 млн сом болгон, былтыркыга салыштырмалуу 10%га көп.
- Туристтерди ташуудан түшкөн акча — 1 млрд 932 сом, соода-сатык — 3 млрд 901.3 млн сом, тамак-аш — 1 млрд 717 млн сом, туристтк агенттиктер — 291.6 млн сомду түздү.