"Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна курулчу маданий борбордун эскизи даярдалды

"Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна курулчу маданий борбордун эскизи даярдалды

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан демилгеленген мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордунда заманбап маданий борбор куруу долбоорунун алкагында эскиздик долбоор даярдалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан объекттин айланасына тосмолор орнотулуп, имаратты демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

2025-жылдын 5-ноябрында болгон өрттөн кийин Бишкек шаарынын мэри объектке барып, анын мындан аркы тагдыры боюнча чечим кабыл алуу жана долбоорду ишке ашыруу иштерин тездетүү боюнча тапшырма берген.

Берилген тапшырманын негизинде бүгүнкү күндө жаңы маданий борбордун эскиздик долбоору иштелип чыгып, долбоорлоо иштери улантылууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды

Тоң районунда туризмден түшкөн салык 18,1 млн сомду түздү

Ошто өрттөн үч өспүрүм каза болуп, үй ээси ооруканага жеткирилди

Баткенде 27 млн сомдук жаңы көпүрө ачылды

Кыргызстан менен Азербайжан экология тармагында кызматташууну талкуулады