Шаирбек Ташиев декларацияда көрсөтүлгөн 12 млрд 637 млн сом тууралуу билдирди

Шаирбек Ташиев  декларацияда көрсөтүлгөн 12 млрд 637 млн сом тууралуу билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев "Азаттык" радиосуна берген маегинде 2024-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча декларациясында көрсөтүлгөн 12 млрд 637 млн сом тууралуу пикирин билдирди.

Депутат белгилегендей, чындыгында ал мындай байлыкка ээ эмес, декларациядагы сумма актив катары көрсөтүлгөн гана.

"Декларацияда 12 млрд деп жазылган, бирок чындыгында мындай каражаттар менде жок. Бул жөн гана активдер. Кээ бирлер жазып, бул акчаны Кытайга мамлекеттик карызды төлөөгө колдонсо болот деп айта башташты. Мен бул теманы комментарий кылгым келген эмес, бирок талкуулар токтобой жаткандыктан айткым келди. Активдерди легалдаштыруу жөнүндө мыйзам 100 млн сомдон ашык активдерди легалдаштырганда 1 млн сом төлөөнү карайт. Ал эми мага кантип болсо 12 млрд жазылып калган. Балким кошумча нөлдөр кошулган. Ошондон улам 1 млн сом төлөшүм керек болду. Албетте, аз-аздан, бизде бар. Депутат боло электе мен ишкерлик менен алектенчүмүн. Азыр бизнес менен жакындарым, балдарым алектенет. Бирок мындай акчам жок", — деп айтты ал.

Ташиев ошондой эле миңдеген жарандар активдерин легалдаштырганын, ал маалымат декларанттын макулдугусуз жарыяланбашы керектигин белгиледи.

"Президент, мисалы, 20 млн долларды легалдаштырган. Бирок ал өзү айтып берген. Мен мындай уруксат бербегем, ошондуктан мамлекеттик органдар мындай маалыматты жарыялай алмак эмес. Бирок эмне үчүн мен жөнүндө гана маалымат чыкты, ал эми чоң бизнес, базарлар, соода борборлору, миллиарддаган долларларды легалдаштырган адамдар тууралуу маалымат жок? Бизде 2–3 үй, бир-эки машина бар, аны эле дароо көрсөтүштү. Мыйзамга ылайык, укук коргоо органдары бул активдерди текшерүүгө укугу жок. Эгер булактарын көрсөтүүнү талап кылышса, мен баарын көрсөтөм, жок нерсени кантип көрсөтөйүн?" — деди Ташиев.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

Ички иштер министрлиги эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга карата жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документте чет өлкөдө жарандарды мыйзамсыз жумушка орноштурган учурлар үчүн айып пулдарды көбөйтүү жана чет элдик эмгек күчүн мыйзамсыз тартууга карата жаза чараларын катаалдаштыруу каралган. Маалыматка ылайык, 2023-жылы чет элдик жумушчу күчүн мыйзамсыз

Ошто күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрүлдү

Ошто күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрүлдү

19-июнда Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйынын өткөрдү. Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, жыйында Э.Толтоев алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, бардык кызматтарга белгиленген иш-чаралар планын өз

Нарындагы “Чолпон” базары текшерилди

Нарындагы “Чолпон” базары текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун тапшырмасына ылайык, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында аймактарда көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган иш-чаранын алкагында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Нарын облусу боюнча региондук башкармалыгынын тескөөчүлөрү,

Депутат май куюучу станцияларда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салууну сунуштады

Депутат май куюучу станцияларда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов “Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Демилгеге ылайык, май куюучу станцияларда жана аларга чектеш аймактарда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынат. Сунуштун максаты