ЕАӨБ: КРда жыл аягына чейин инфляциянын деңгээли 15.3%га жетери болжолдонууда
Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) талдоочулары 2022-жылдын аягында КРда инфляциянын деңгээли 15.3%га жетет деп болжолдошууда.
ЕАӨБ дүйнөлүк рыноктогу инфляциялык факторлор 2022-жылдын февраль-март бекемделгенин айтат.
“Бул жагдай инфляциянын өсүшүнө түрткү берет жана анын жылдык темпинин туу чокусу, кыязы, IV кварталга туура келет”, – деп айтылат маалыматта.
Ошол эле кезде талдоочулар өлкөдө инфляция июнь айында өткөн айга салыштырмалуу 14%дан 13.1%га төмөндөгөнүн айтышат. Бул айда жылдык инфляциянын басаңдашы жарым-жартылай статистикалык фактордун таасири менен шартталган.
“КРнын керектөө куржунунда нан жана дан азыктарынын үлүшү 15%ды түзөөрүн эске алганда 2022-жылдын күз-кыш айларында инфляциянын өсүшү ылдамдашы мүмкүн. Дүйнөлүк энергетикалык рыноктордо баанын жогору болушу жана дүйнөлүк ташуу чынжырчасынын үзгүлтүккө учурашы кошумча түрткү берет. Инфляция болжол менен жыл аягына чейин 15.3%га жетиши мүмкүн”, – дейт ЕАӨБ.