Ишкер айымдар бизнесин өнүктүрүү үчүн жарым жылда 628 млн сом алышты - Кепилдик фонд
Алты ай ичинде Кепилдик фонду ишкер айымдарга дээрлик 145 млн сомго 73 кепилдик берип, 628 млн сомдук кредиттик каражатты алууга мүмкүндүк берди. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Жалпысынан фонд иштеп баштагандан бери 800дөн ашык ишкер айым 1.1 млрд сомдон ашык суммага кепилдик алышкан, ал эми насыянын көлөмү 3.7 млрд сомдон ашык сумманы түзгөн.
“Курулуш бизнеси менен алектенген 105 млн сом насыя алуу үчүн кайрылган айымдарга 30 млн сомго жакын кепилдик колдоо көрсөтүлгөн. Транспорт тармагында бизнеси бар айымдар болсо 47.3 млн сом, фонддун колдоосу менен 15 млн сом насыя алышкан”, – деп айтылат маалыматта.
Улутстаткомдун маалыматы боюнча, юридикалык жак катары катталган кичи жана орто ишканалардын жетекчилеринин арасында аялдардын үлүшү кичи ишканаларда 30%, орто ишканаларда 43.5%ды түзөт. Жеке ишкерлердин арасында аялдардын үлүшү 35%ды, дыйкан чарбалардын башчылары 19.6%ды түзөт