КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан мамлекеттик ипотеканы эң төмөн пайыздык үстөк менен берет - МИК
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан мамлекеттик ипотеканы эң төмөн пайыздык үстөк менен берет. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) басма сөз кызматы билдирди.
2015-жылы МИК «Арзан турак жай 2015-2020» биринчи мамлекеттик турак жай программасын ишке ашырып баштаган. Ал эми 2021-жылдын жайында “Менин үйүм 2021-2026” экинчи турак-жай программасы ишке кирген.
Биринчи турак жай программасынын алкагында МИК ипотекалык насыяны бюджеттик тармакта иштеген жарандарга гана берип келген. Ал эми экинчи турак-жай программасы бардык жарандарды, жада калса чет өлкөдө иштегендерди да камтый баштаган.
МИК биринчи жылдары жылдык 14% үстөк менен ипотекалык кредиттерди берип келген. Убакыттын өтүшү менен ал акырындык менен азайып, азыр 4%ды түзөт.
«Бул пайыздык чендер КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн болуп саналат. Коңшу Өзбекстанда мамлекеттик ипотеканын жылдык үстөгү 17-18% болсо, Казакстанда 17.5%дан жогору, Россияда азыр 12%. Кыргызстанда бюджеттик тармакта иштеген жарандар үчүн 4%, башка жарандар жана мигранттар үчүн 8%ды түзөт», – деп билдиришти компаниядан.