КР Польшанын текстиль өндүрүүчүлөрү менен кызматташууга кызыкдар
Кыргызстан Польшанын белгилүү текстиль буюмдарын өндүрүүчүлөрү менен кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу КР ТИМдин өкүлү Руслан Бекболотовдун Польша ТИМинин Чыгыш департаментинин директору Михал Гродзки менен болгон жолугушуусунда айтылды.
Бекболотов биргелешкен бизнес форумдарды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн билдирди. Гродзки өз кезегинде Польша тараптын Кыргызстан менен айыл чарба, инновация жана маалыматтык технологиялар тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар ошондой эле экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-поляк өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.