КРдан Өзбекстанга өтүп бараткан 9 млн сомдук контрабандалык дары-дармек кармалды

КРдан Өзбекстанга өтүп бараткан 9 млн сомдук контрабандалык дары-дармек кармалды

«Оперативдүү» бажысы УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жаңы-Жер участкасында КРдан Өзбекстанга мыйзамсыз өтүп бараткан дары-дармекти кармашканын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик чек ара тилкесинде Өзбекстандын КР ЕАЭБ аймагынан КР жараны «М.М.» айдап бара жаткан «ВАЗ210740» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда жалпы баасы 9 млн 290 миң 700 сомду түзгөн «Инфера» дары-дармектери табылган.

«М.М.» аттуу жаран КР ЕАЭБ аймагынан Өзбекстанга бажы көзөмөлү жок товарларды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган. Аталган унаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин унаа Ош шаардык терминалынын аймагына жеткирилди. Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев Өзгөндөгү жаңы мектептин ачылышына катышты

Адылбек Касымалиев Өзгөндөгү жаңы мектептин ачылышына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Жылалды айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңы мектеп республикалык бюджеттен 152 млн сом каражат бөлүнүп курулуп, 275 орунга ылайыкталган. Имарат заманбап окуу класстары, китепкана,

Испания компаниясы күн электр станциясын курууга кызыкдар

Испания компаниясы күн электр станциясын курууга кызыкдар

Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде Solartec World Company S.L.компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды. Анын ичинде күн электр энергиясын өндүрүү үчүн фотоэлектрдик панелдерди орнотуу, ошондой эле эркин экономикалык аймакта тез тургузулуучу жана экологиялык жактан таза үйлөрдү чыгаруучу комбинат куруу маселелери каралды. Өзгөчө

Бакыт Төрөбаев Кара-Суудагы жазгы талаа иштерине даярдыктарды текшерди

Бакыт Төрөбаев Кара-Суудагы жазгы талаа иштерине даярдыктарды текшерди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп, жазгы талаа иштерине даярдыктар менен таанышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрликтин аймактык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Кара-Суу районунун акими, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Былтыр Бала-Саруу ГЭСи 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн

Былтыр Бала-Саруу ГЭСи 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн

Бала-Саруу кичи ГЭСи 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Бүгүнкү күндө пландалган 1,7 млн кВт/сааттын ордуна 2,15 млн кВт/саат өндүрүлүп, план 24%га ашык аткарылды. Бул көрсөткүч станциянын жабдууларынын жогорку даярдык деңгээлин жана персоналдын тынымсыз эмгегин көрсөтөт. Бул тууралуу Энрегетика министрлигинен