Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттоочу компания ачылат

Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттоочу компания ачылат

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, ишкана өлкө аймагында колдонулуп жаткан жана ташылып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо боюнча иш алып барат.

Белгилей кетсек, быйыл минкаб атайын токтом кабыл алып, анда мобилдик телефондорду каттоого алуу тартибин бекиткен. Эрежеге ылайык, жаран ар бир алган телефон аппаратын 30 күндүн ичинде каттоодон өткөрүүгө тийиш.

Каттоодон өтпөгөн аппарат байланышсыз калышы мүмкүн. Министрлер кабинети бул ишти телефон контрабандасына жана аппараттарды уурдоого каршы аракет деп түшүндүргөн.

«Инмобайлс» деп аталган компания бир ай мурда «КРнын аймагына иштеп жаткан жана импорттолуучу мобилдик байланыш каражаттарынын, ошондой эле маалымат алуу үчүн колдонулган түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодунун идентификациясынын аныктыгы жаатындагы ишмердүүлүк үчүн лицензия алган.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев Өзгөндөгү жаңы мектептин ачылышына катышты

Адылбек Касымалиев Өзгөндөгү жаңы мектептин ачылышына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Жылалды айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңы мектеп республикалык бюджеттен 152 млн сом каражат бөлүнүп курулуп, 275 орунга ылайыкталган. Имарат заманбап окуу класстары, китепкана,

Испания компаниясы күн электр станциясын курууга кызыкдар

Испания компаниясы күн электр станциясын курууга кызыкдар

Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде Solartec World Company S.L.компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды. Анын ичинде күн электр энергиясын өндүрүү үчүн фотоэлектрдик панелдерди орнотуу, ошондой эле эркин экономикалык аймакта тез тургузулуучу жана экологиялык жактан таза үйлөрдү чыгаруучу комбинат куруу маселелери каралды. Өзгөчө

Бакыт Төрөбаев Кара-Суудагы жазгы талаа иштерине даярдыктарды текшерди

Бакыт Төрөбаев Кара-Суудагы жазгы талаа иштерине даярдыктарды текшерди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп, жазгы талаа иштерине даярдыктар менен таанышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрликтин аймактык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Кара-Суу районунун акими, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Былтыр Бала-Саруу ГЭСи 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн

Былтыр Бала-Саруу ГЭСи 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн

Бала-Саруу кичи ГЭСи 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Бүгүнкү күндө пландалган 1,7 млн кВт/сааттын ордуна 2,15 млн кВт/саат өндүрүлүп, план 24%га ашык аткарылды. Бул көрсөткүч станциянын жабдууларынын жогорку даярдык деңгээлин жана персоналдын тынымсыз эмгегин көрсөтөт. Бул тууралуу Энрегетика министрлигинен