Оштогу абакта самын өндүрүүчү цех иштеп жатат - жарым жылда 9 миң кг чыгарган

Оштогу абакта самын өндүрүүчү цех иштеп жатат - жарым жылда 9 миң кг чыгарган

Оштогу №42 жатак абагындагы жаңы ачылган цехте алты айда 9 миң кг кир самын чыгарылган жана ал мекеменин керектөөсүн толук жабат. Бул тууралуу «Т-Медиа» порталы билдирди.

Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова аталган порталга билдиргендей, жатак абакта кир самын чыгаруучу цех быйыл январда ишке кирген. Андагы өндүрүлгөн самындар мекеменин өз керектөөлөрүнө иштетилүүдө.

«Өндүрүлгөн товар өзүбүздүн ЦИЗОго, Жалал-Абаддагы бөлүмдөргө таратылды. Биз буга чейин самынды башка керектөөлөрүбүздөй эле тендер жарыялап сатып алчубуз. Азыр ага бөлүнгөн акчаны жумуш орун кылып, цехте иштегендерге айлык акы катары берип жатабыз», — деген Сабатарова.

Учурда цехте 4-5 адамга жумуш орун түзүлүп, туруктуу маяна төлөнүп турат. Мекеме ал жерди чакан ишканага айлантып, өзүнүн керектөөлөрүнөн арткан товарды сатыкка чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кароону пландоодо.

Мындан тышкары окуңуз

Ш.Ташиев аны мандатынан ажыратуу укугу 24 300 шайлоочуда экенин билдирди

Ш.Ташиев аны мандатынан ажыратуу укугу 24 300 шайлоочуда экенин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев өлкөдөгү акыркы окуялар менен байланыштуу мандатынан кетүүгө даярбы деген суроого жооп берди. "Азаттык" басылмасына берген маегинде ал мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алуу укугу жалгыз 24 300 шайлоочусуна таандык экенин белгиледи. "Мага мандаттан баш тарт деп башка эч ким айта албайт. Башкалар, диванда

Шаирбек Ташиев  декларацияда көрсөтүлгөн 12 млрд 637 млн сом тууралуу билдирди

Шаирбек Ташиев декларацияда көрсөтүлгөн 12 млрд 637 млн сом тууралуу билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев "Азаттык" радиосуна берген маегинде 2024-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча декларациясында көрсөтүлгөн 12 млрд 637 млн сом тууралуу пикирин билдирди. Депутат белгилегендей, чындыгында ал мындай байлыкка ээ эмес, декларациядагы сумма актив катары көрсөтүлгөн гана. "Декларацияда 12 млрд деп жазылган, бирок чындыгында мындай каражаттар

"Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна курулчу маданий борбордун эскизи даярдалды

"Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна курулчу маданий борбордун эскизи даярдалды

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан демилгеленген мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордунда заманбап маданий борбор куруу долбоорунун алкагында эскиздик долбоор даярдалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан объекттин айланасына тосмолор орнотулуп, имаратты демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. 2025-жылдын 5-ноябрында болгон өрттөн кийин Бишкек шаарынын мэри

Кыргызстанда медициналык жабдууларды санариптик инвентаризациялоо системасы киргизилип жатат

Кыргызстанда медициналык жабдууларды санариптик инвентаризациялоо системасы киргизилип жатат

Кыргызстандын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды санариптик инвентаризациялоо боюнча SAMEDIS системасы киргизилип жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов Германиянын өнүктүрүү банкынын өкүлү Индира Молдогазиева жана GITEC-IGIP консалтинг компаниясынын долбоор менеджери Керез Келишова менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар Германиянын каржылык колдоосу менен