Суу ресурстары кызматы КР Казакстанга бериш керек болгон суу тууралуу билдирүү жасады

Суу ресурстары кызматы КР Казакстанга бериш керек болгон суу тууралуу билдирүү жасады

Казакстан быйыл Кыргызстандан Чүй жана Талас транс чек аралык дарыялары аркылуу 330 млн метр куб суу алат. Бул тууралуу Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев Чолпон-Атада Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда билдирген.

Бул маалымат ЖМКларга чыккандан кийин Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы төмөнкүлөрдү билдирди.

“Брекешев суу ресурстарына байланыштуу кошуналар менен тыгыз иштешерин, КР менен Казакстан тиешелүү макулдашууларга жана келишимдерге кол коюшканын, мисалы, Чүй жана Талас дарыяларындагы сууну пайдалануу боюнча келген суунун көлөмү кыргыз тарап менен такталганын жана макулдашылганын, ошондой эле товар алмашуунун алкагында тиешелүү документтерде Казакстан КРга электр энергиясын берери аныкталганын жана аны кайтарып берүү үчүн Кыргызстан ГЭС аркылуу суу өткөрүү менен электр энергиясынын тиешелүү көлөмүн иштеп чыгарын айткан”, – деп билдирди Суу ресурстары кызматы.

Эскерте кетсек, Сериккали Брекешев Казакстанга суу товар алмашуу боюнча келишимге ылайык берилерин, ага ылайык Кыргызстандын Токтогул ГЭСи жайкысын сууну коё берип, кышында электр энергиясы менен кайтарып аларын айткан эле.

“Чүй жана Талас дарыялары боюнча сугат суусу макулдашылган график боюнча жана белгилүү көлөмдө берилет. Ал эми, айыл чарба сугаты үчүн КР эч кандай суу агызылбайт”, – деди СРК.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда пайызсыз ипотеканы ишке киргизүү каралууда

Казакстанда пайызсыз ипотеканы ишке киргизүү каралууда

Казакстандын “Байтерек” Улуттук башкаруу холдингинин башкармасынын төрагасы Рустам Карагойшин исламдык ипотеканы ишке киргизүү маселеси учурда каралып жатканын Tengrinews.kz маалымат булагына билдирген.   Карагойшиндин айтымында, жергиликтүү жарандардан мындай «каржылык чечимдерге» суроо-талап көп түшүп жатат. Андыктан мындай мүмкүнчүлүктү  киргизүү азырынча эл аралык институттар менен биргеликте изилденүүдө. “Белгилүү болгондой, биздин түзүмдө Отбасы банк

Адылбек Касымалиев Өзгөндөгү жаңы мектептин ачылышына катышты

Адылбек Касымалиев Өзгөндөгү жаңы мектептин ачылышына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Жылалды айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңы мектеп республикалык бюджеттен 152 млн сом каражат бөлүнүп курулуп, 275 орунга ылайыкталган. Имарат заманбап окуу класстары, китепкана,

Испания компаниясы күн электр станциясын курууга кызыкдар

Испания компаниясы күн электр станциясын курууга кызыкдар

Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде Solartec World Company S.L.компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды. Анын ичинде күн электр энергиясын өндүрүү үчүн фотоэлектрдик панелдерди орнотуу, ошондой эле эркин экономикалык аймакта тез тургузулуучу жана экологиялык жактан таза үйлөрдү чыгаруучу комбинат куруу маселелери каралды. Өзгөчө

Бакыт Төрөбаев Кара-Суудагы жазгы талаа иштерине даярдыктарды текшерди

Бакыт Төрөбаев Кара-Суудагы жазгы талаа иштерине даярдыктарды текшерди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп, жазгы талаа иштерине даярдыктар менен таанышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрликтин аймактык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Кара-Суу районунун акими, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү