«Центерра Голддун» акционерлери «Кумтөрдү» акцияларга алмаштыруу боюнча резолюцияны жактырышты
Канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. компаниясынын акционерлери 25-июлда өткөн акционерлердин кезексиз жыйынында “Кумтөр” долбоору боюнча Кыргызстан менен келишим түзүү резолюциясын көпчүлүк добуш менен жактырышты. Бул тууралуу компаниянын пресс-релизинде айтылат.
«Кабыл алынган резолюцияда бүтүмдөрдүн айрым аспектилерин ишке ашырууга алып келе турган келишимдердин сунушталган планы бекитилди», — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, бул шарттар Кумтөр кениндеги Centerra Gold компаниясынын үлүшүн алмаштырууну камтыйт, башкача айтканда, «Кыргызалтын» ААК «Кумтөр Голд Компанинин» 100% акциясын алат, бирок Кыргызстанга таандык «Центерра Голддун» 26.1% акциясын канадалык компанияга өткөрүп берет.
“Центерранын” айтымында, келишимдин жабылышы башка нерселер менен катар Онтарио Жогорку сотунун акыркы чечиминен да көз каранды. Макулдук алуу арызы 28-июлда кабыл алынышы күтүлүүдө.