Донорлордун жардамы менен Кыргызстанда ондой вирусологиялык лаборатория, перинаталдык борборлор курулууда
Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Кыргызстанда 10 жаңы вирусологиялык лаборатория курулат. Бул тууралуу Cаламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана Каракол, Талас шаарларында 5 вирусологиялык лаборатория ишке берилген.
Эми Баткен, Кадамжай, Жалал-Абад шаарларында жана Ноокенде курулуп жаткан имараттардын курулуш иштери аяктоо стадиясында турат жана июль айынын аягында ишке берүү пландалууда.
“Ислам Өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Кыргызстанда 10 жаңы вирусологиялык лаборатория курулат. Анын бешөө курулуп бүтүп ишке берилген, калганы жылдын аягына чейин бүтүрүлөт”, – деди ал.
Белгилей кетсек, аталган лабораториялар ПЦР боюнча коронавирус жана башка инфекцияларынын диагностикасын жүргүзөт.
Ошондой эле Касымбеков Ошто бюджети 13 млн еврону түзгөн жана Таласта 6 млн евродон турган перинаталдык борборду куруу жана жабдуу пландалып жатканын, алар гранттык каражаттарга салынарын кошумчалады.
“Германия өнүктүрүү банкынын жардамы менен Ош, Талас, Бишкек шаарларында перинаталдык борборлор курулат. Алардын бюджети 13 млн евро, бул таза гранттык каражат. Ошондой эле Бишкекте кургак учукка каршы оорукананын курулушу аяктады, эмерек, жабдууларды алуу боюнча тендер ушул жылы өтөт”, – деди Cаламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу.