«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кармалды - коррупциялык схема түзгөн
Кызматкерлерден мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси С.Э.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
“25-июлда аталган мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан кол алдындагы кызматкерлерден акча талап кылуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөнү аныкталды. Жетекчилик текшерүү органдарына өткөрүп берем деп коркутуу менен кызматкерлердин эмгек акысынан дагы 3-6 миң сом мыйзамсыз кармап турган“, – деп айтылат маалыматта.
Алынган далилдердин негизинде «Кадастр» мекемесинин директору Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
