КРда банк системасынын долларлашуу көрсөткүчү акырындык менен төмөндөөдө
КРда банк системасынын долларлашуу көрсөткүчү акырындык менен төмөндөөдө. Мындай билдирүү бүгүн, 26-июлда регулятордун эсептик ченди 14% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алгандыгы тууралуу маалыматтын ичинде айтылат.
Улуттук банк кредиттик жигердүүлүк экономиканын реалдуу секторунун улуттук валютада кредиттөөсүнүн кеӊейүүсү менен колдоого алынып жатканын айтат.
“Жаӊыдан берилген сом түрүндөгү кредиттердин көлөмү 2022-жылдын февраль-май айларынын жыйынтыгы боюнча 16.2%га көбөйгөн (өсүш 6.8 млрд сом тегерегинде болгон). Банк системасынын долларлашуу көрсөткүчү акырындык менен төмөндөөдө”, – дейт регулятор.
2022-жылдын май айынын жыйынтыгы боюнча депозиттердин долларлашуусу 42.2%ды, кредиттердин долларлашуусу – 25.9%ды түзгөн.