Мэрияга баары бир - «Бахчай» чайханасы шаар тургундарына тынчтык бербей келет
Бишкек шаарындагы Саякбай Каралаев көчөсү 40/1, 40/2 дареги боюнча жайгашкан “Бахчай” чайханасы тегерегиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын тынчтыгын бузуп келет. Бул тууралуу аталган чайхананын жанында жашаган шаар тургуну редакцияга кайрылды.
Анын айтымында, “Бахчай” чайханасы түнкүсүн саат 4-5терге чейин музыкасын өчүрбөйт жана ал кафеден чыккан таштандылар да каттуу жыттанат.
“Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы бир дагы текшербейт, мэрияга баары бир. “Бахчайда” канализациясы жыттанганы аз келгенсип, түнкү саат 12ге чейин түтөтүп шашлык бышырышат, анын айынын терезелерибизди ача албайбыз. Анысы да аз келгенсип, эртең мененки саат 4кө чейин музыкасы өчпөйт, алкоголдук ичимдикти байма-бай саткандыктан, мастар түнү менен айкырып-кыйкырып бири-бири менен мушташып чыгышат. Анан таң ата баштаганда кафенин жумушчулары калдыратып араба менен таштандысын ташый башташат. Мэрия каякты карайт?” – дейт тынчсызданган жашоочу.
Ал райондун тургундары бир канча жолу мэрияга арыз менен кайрылганына карабай эч кандай чара көрүлбөй келет.