Адылбек Касымалиев: Маданият кызматкерлеринин айлыгы 100% көбөйдү

Адылбек Касымалиев: Маданият кызматкерлеринин айлыгы 100% көбөйдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү” эл аралык конференциясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка таянсак, МинКаб Төрагасы маданий өз ара аракеттенүү жана чыгармачыл индустрияларды колдоо бүгүнкү күндө гуманитардык күн тартибинен чыгып, улуттук өзгөчөлүктү, адам капиталын жана мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөөнүн маанилүү элементине айланганын белгиледи. 

Адылбек Касымалиев 2021-жылдан бери маданиятка инвестиция 32 млн доллардан105 млн долларга чейин өсүп, маданият кызматкерлеринин эмгек акысы 100%көбөйгөнүн белгиледи. 2022-жылы “Чыгармачыл индустриялар паркы жөнүндө” Мыйзам кабыл алынып, резиденттер үчүн 1% бирдиктүү салык сыяктуу жеңилдетилген режим киргизилгенин билдирди. Бүгүнкү күндө паркта 165 резидент иштеп жатат.

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев КМШнын 35 жылдыгынын алкагында Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгынын жана Лев Толстойдун 200 жылдыгынын маанисин жаңы санариптик муунга жеткирүүнү сунуштады. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген