Инженер: 25 миң тургунду таза суу менен камсыздоо оңой болгон жок

Инженер: 25 миң тургунду таза суу менен камсыздоо оңой болгон жок

Ош облусунун Кара-Суу районундагы 12 айылды таза суу менен камсыздай турган "Отуз-Адыр" чакан долбоору соңуна чыгып калды. Жалпы баасы 541,7 миллион сомду түзгөн долбоордун алкагында суу алуучу жайлар, резервуарлар жана 150 чакырымга жакын суу түтүктөрү курулуп, 25 миңге жакын тургунду сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.

Долбоордун жүрүшү жана курулуш маалында кездешкен кыйынчылыктар тууралуу АРИСтин "Айылдык суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун инженери Жамил Чормонов айтып берди.

"Долбоор боюнча келишимге 2024-жылы 19-декабрда кол коюлган. Курулуш иштери кыш мезгилине туш келгендиктен, негизги жумуштар 2025-жылы апрелде башталган. Учурда курулуштун негизги бөлүгү аяктап, акыркы иштер жүргүзүлүп жатат.

Долбоордун жалпы баасы 541,7 миллион сомду түзөт. Ири көлөмдөгү курулуш иштери төрт лотко бөлүнгөн. Биринчи лоттун алкагында суу алуучу жай, башкы резервуарлар жана магистралдык суу түтүктөрү курулуп, анын баасы 140 миллион сомду түздү. Экинчи лотко Отуз-Адыр айылындагы суу бөлүштүрүүчү тармактарды куруу киргизилип, анын наркы 133 миллион сом болду. Үчүнчү жана төртүнчү лоттордун баасы тиешелүүлүгүнө жараша 128,9 миллион сом жана 139,5 миллион сомду түзөт.

Жалпысынан Отуз-Адыр айылында жана ага чектеш аймактардагы 12 айыл таза суу менен камсыз болот. Мунун натыйжасында 25 миңге жакын тургун сапаттуу ичүүчү сууга жетет.

Эң татаал иштердин бири суу алуучу дренаждык системаны куруу болду. Долбоор боюнча диаметри 500 миллиметр болгон перфорацияланган полиэтилен түтүктөрүн 6 метр тереңдикке орнотуу каралган. Бирок бул тереңдиктен керектүү көлөмдөгү сууну алуу мүмкүн болбой, кошумча дагы 3 метр казууга туура келген.

Мындан улам коопсуздук чараларын күчөтүп, траншеялардын капталдарын кеңейтүү, оор техникалардын иштөөсү үчүн атайын аянтчаларды даярдоо сыяктуу кошумча иштер аткарылган. Ошого карабастан дренаждык система толугу менен курулуп бүтүп, учурда суу башкы резервуарларга жеткирилип жатат.

Курулуш жүрүп жаткан мезгилде дагы бир катар кыйынчылыктар жаралды. Алардын бири Ош–Бишкек унаа жолун кеңейтүү маселеси болду. Анткени биздин долбоор ал иштер баштала электе даярдалган. Бирок тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте бардык маселелерди чечип, бүгүнкү күндө курулушту аяктоо баскычына алып келдик.

Азыркы тапта системаны жууп-тазалоо, текшерүү жана сыноо иштери жүргүзүлүүдө. Бардык техникалык талаптар аткарылгандан кийин таза суу тургундарга бериле баштайт", - деди инженер Жамил Чормонов.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Министрлер кабинети жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин иштөө режими өзгөрөт

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин иштөө режими өзгөрөт

Бишкекте жеке автоунааларга коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелер менен график боюнча жана дем алыш күндөрү жүрүүгө уруксат берилет. Тиешелүү чечим мэрдин орун басары Рамиз Алиев төрагалык кылган Жолдор боюнча штабдын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңы тартипке ылайык, иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугу 4 пайызга өстү

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугу 4 пайызга өстү

Улуттук банк өлкөнүн эресеге жеткен калкынын финансылык сабаттуулугу боюнча үчүнчү улуттук изилдөөнү аяктады. Жыйынтык мекеменин сайтына жарыяланды. 2025-жылдагы изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, калктын финансылык сабаттуулугунун жалпы көрсөткүчү 2021-жылга салыштырмалуу 4 пайызга өсүп, 20 баллдан 11,8 баллды түздү. Улуттук банк белгилегендей, бул көрсөткүч 2023-жылы Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү

Баткенде 164 млн сомдук мектеп курулду

Баткенде 164 млн сомдук мектеп курулду

Баткен районунун Жаңы-Жер айылында 500 орундуу жаңы мектеп курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Долбоор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылып, каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, объекттин жалпы наркы 164 млн сомду түздү. Мектептин курулушу 2023-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда жаңы

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталып, мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Мындай сунуш Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан киргизилүүдө. Долбоорго ылайык, маркумдун сөөгүн мыйзамда белгиленген тартипте көмүү үчүн жер тилкеси берилбестен, көрүстөнгө же мүрзөнүн жанына өз алдынча көмүү, ошондой эле жабык көрүстөнгө көмүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү