Кыргызстан менен Монголия соода көлөмүн көбөйтүү маселелерин талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода көлөмүн көбөйтүү маселелерин талкуулашты

18-июнда Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча видеоконференция болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов, Монголиянын Экономика жана өнүгүү министрлигинин мамлекеттик катчысы Идэшийн Батхуу жетекчилик кылышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экспорттук потенциалды кеңейтүү, өз ара соода көлөмүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү механизмдерин талкуулашты.

Ошондой эле Монголиядан эт азыктарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду. Бул багытта ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо жана продукциянын белгиленген стандарттарга шайкештигин камсыз кылуу маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришип, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүү максатында үзгүлтүксүз диалогду улантууга макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун өлкө аймагындагы бардык тилкесинде жумуштар кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдирди. Билдирүүгө караганда, жаңы курула турган 29 тоннелдин 28инде курулуш иштери жүрүп жатат, ал эми бир тоннель толугу менен казылып бүттү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу

Ишкер Media
4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Экологиялык прокуратурасы менен биргеликте Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында таштанды төгүүчү жайлардын абалына көзөмөлдү күчөтүү пландалууда. Министрликтин маалыматына караганда, бүгүн тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышкан видеоконференция форматындагы жолугушуу орун алды. Анда катуу тиричилик калдыктарынын стихиялуу түрдө төгүлүшү, алардын үзгүлтүксүз тутанышы жана түтөп күйүшү,

Ишкер Media
Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Борбор калаада коомдук транспорттун инфраструктурасын өнүктүрүү уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, "Санариптик технологиялар борбору" ишканасы "Акылдуу аялдама" долбоорунун алкагында шаардагы аялдамаларга 15 интерактивдүү маалыматтык панель орнотту. Орнотуу иштери уланууда. Мындан тышкары, AUGUL компаниясы менен биргеликте Айни көчөсү – Чыңгыз Айтматов кең көчөсү аялдамасына автобус

Ишкер Media
Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын жетекчилиги астында балдардын укуктарынын сакталышы боюнча маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтен билдирди. Жыйынга Чүй облусунун прокуратурасынын, Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media