«Текстиль Транс» үч өндүрүш ишканасын ишке киргизет
«Текстиль Транс» ЖЧК үч өндүрүш ишканасын – пахта тазалоочу заводду, текстиль фабрикасын жана жинсы өндүрүшүн ишке киргизет. Бул тууралуу кечээ, 25-июлда Экономика министрлигинин 2022-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында министрдин орун басары Вероника Исаева билдирди.
Анын айтымында, жылдын экинчи жарымында «Текстиль Транс» Токмок шаарынын өнөр жай аймагында жылына 12 миң тонна була өндүрүүчү кубаттуулукка ээ жана 100гө жакын жумушчу орун менен камсыз кылган пахта тазалоочу завод ачууну пландоодо. Ошондой эле өндүрүш кубаттуулугун жана токуу кездемесин чыгарууну көбөйтүү максатында текстиль фабрикасынын курулушунун экинчи фазасын бүткөрүү иштери жүрүп жатат жана ал 100 адамды жумуш оруну менен камсыз кылмакчы.
Мындан тышкары, «Текстиль Транс» ишканасы үстүбүздөгү жылдын август айында штатында 80 адамды камтыган, суткасына миң даанага чейин продукция чыгарган жинсы өндүрүшүн ишке киргизүүнү пландап жатат.
Ошондой эле «Салкын» ЖЧКсы август айында Каракол шаарында 200 жумуш орундуу кийим тигүү өндүрүшүнүн филиалын ачууну көздөөдө.