Улуттук валютадагы депозиттик база 22%га өстү
2022-жылдын май айынын жыйынтыгы боюнча, улуттук валютадагы депозиттик база 2021-жылдын май айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 22%га өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Улуттук банк учурдагы күндөлүк монетардык саясатын экономикада инфляциялык процесстерди ооздуктоо жана дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторунда баанын глобалдуу өсүш тенденциясынын терс таасирин төмөндөтүү зарылчылыгы менен жүргүзүп жатканын белгилейт.
“Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын маанилүү натыйжаларынын бири болуп, сом түрүндөгү финансылык активдердин, анын ичинде сом түрүндөгү мөөнөттүү аманаттардын өтүмдүүлүгүнүн жогорулашы саналат. Банк системасынын жаӊыдан кабыл алынган сом түрүндөгү мөөнөттүү депозиттеринин көлөмү 2022-жылдын февраль айынан май айларына чейинки мезгил аралыгында 30.4%га2 (өсүш 5. млрд сом2 тегерегинде) өстү”, – дейт Улуттук банк.