Дотациядагы айыл өкмөттөрү 27%га кыскарды
Кыргызстанда дотациядагы, тагыраак айтканда, мамлекеттик бюджеттен көз каранды болгон айыл өкмөттөр кыскарды. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылы дотацияда 329 айыл өкмөтү турган болсо, быйыл алардын саны 277ге түштү (-27%). Ошол эле учурда өзүн-өзү камсыздоочу айыл өкмөттөрдүн саны 75тен 127ге (+69%) көбөйгөн.
Эске салсак, өткөн жылдын октябрь айында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров аймактарда облустук жана райондук жаңы өнүктүрүү фонддору түзүлүп, алар жергиликтүү бюджеттин каржылык абалын чыңдоого жардам берерин билдирген болчу.
«Экономикалык долбоорлорду кайтаруу механизмин эске алуу менен иштеп чыгуу керек. Бул айыл өкмөткө мамлекеттик дотациядан баш тартууга шарт түзөт. Биздин эсеп боюнча 180 айыл өкмөтү өз алдынча көз карандысыз боло алат», – деген ал.