Кара-Балта спирт заводу этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сатууга өзгөчө укук алат
Кара-Балта спирт заводу этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, өндүрүлгөн жана өлкөгө алынып келинген этил спиртин сатууга өзгөчө укук алышы мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышуу учурунда билдирди.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып өлкө аймагында этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилет.
«Бул чечим этил спиртин өндүрүү, ташып келүү, сактоо жана сатуу чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыздоого, этил спиртинин контрабандасына жана контрафакттык продукцияны колдонууга бөгөт коюуга, бюджетке салык төлөмдөрүнүн толук түшүүсүн камсыздоого багытталган.
Кара-Балта спирт заводу – өнөр жай өндүрүшүнүн флагмандарынын бири, анын толук кандуу иштеши үчүн бардык чараларды көрүүгө тийишпиз. Кара-Балта спирт заводунда этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, өндүрүлгөн жана өлкөгө алынып келинген этил спиртин сатууга берилген өзгөчө укукту ишке ашыруу үчүн бардык өбөлгөлөр бар деп эсептейм», – деди Төрөбаев.
Белгилей кетсек, «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасын түзүү чечими 2000-жылдын 21-февралында кабыл алынган, анын негизги ишмердүүлүгү этил спиртин өндүрүү болуп саналат.


