Кара-Сууда 4 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды

Кара-Сууда 4 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды

Кара-Сууда Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүнө таандык жалпы аянты 4 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, иликтөөнүн жүрүшүндө жер тилкелери жер мыйзамдарын бузуу менен катталгандыгы аныкталды. 

Кеп болуп жаткан жер "Айыл чарба жерлери" катары классификацияланган, бирок чындыгында башка максаттарда колдонулган. Бул "Кыргызгипрозем" мамлекеттик ишканасынын расмий маалыматтары менен тастыкталган.

Тергөө жана оперативдик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган жер тилкеси мамлекетке акысыз кайтарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Кубанычбек Конгантиев үй камагына чыгарылды

Кубанычбек Конгантиев үй камагына чыгарылды

15-июнда Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунан маалымдашты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кубанычбек Конгантиевди март айында кармап, Ленин райондук соту аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал аффилирленген жеке

Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 18,2%га азайды

Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 18,2%га азайды

2026-жылдын 1-майына карата Кыргызстанда мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,2%га кыскарды. Бул тууралуу КРнын Улуттук статистика комитети - Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына таянып билдирди. Маалыматка ылайык, учурда мамлекеттик иш менен камсыз кылуу органдарында жумуш издеп

Кооперативдер 185 млн сомдук бизнес-пландарды түзүштү

Кооперативдер 185 млн сомдук бизнес-пландарды түзүштү

26-июнда Бишкекте БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте ишке ашырган долбоорунун жыйынтыктоочу семинары өттү. Уюмдун маалыматына ылайык, долбоордун негизги максаты фермерлерге жана кооперативдерге инвестиция тартуу жана бизнес жүргүзүүгө көмөктөшүү болуп саналат. Иш-чаранын алкагында болжол менен

7,1 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү

7,1 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү

2026-жылдын 25-июнуна карата Мамлекеттик Камсыздандыруу уюму жарандарга жана уюмдарга жалпы 7 129 347 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүздү. Камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, Бишкек филиалы тарабынан 3 195 732 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрү берилди. Төлөмдөр ОСАГО, жарандык жоопкерчилик, автокаско, турак жай жана башка камсыздандыруу түрлөрү боюнча өлкө аймагындагы филиалдар