КР менен Кытай 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү программасына кол коюшту
Экономика министри Данияр Амангелдиев менен Кытайдын коммерция министринин орун басары Ван Шоувен 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү программасына кол коюшту.
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 15-жыйыны видеоконференцбайланыш режиминде өттү.
“Кеңешмеде инфраструктуралык жана ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду, атап айтканда, алардын катарында Чүй айланма каналынын, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун, беш инженердик курулманын (эки кар көчкүгө каршы, үч эстакадалык көпүрө) курулушу, Бишкектин автожолдорун реабилитациялоо бар”, – деп айтылат маалыматта.
Экономикалык өсүштү, интернет-коммерцияны стимулдаштыруу жана өз ара сооданы жогорулатуу максатында кыргыз тарап Alibaba Groupтун филиалын биздин өлкөдө ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Ван Шоувэнь да Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун динамикасына оң баа берди.
Ал инновация, жашыл экономика жана гидроэнергетика, тоо-кен жана мунай иштетүү, айлана-чөйрөнү коргоо, инвестиция жана аймактар аралык кызматташуу жаатындагы эки тараптуу кызматташууга өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.
Ошондой эле ал кытай тарап Кыргызстандын продукциясын (анын ичинде айыл чарба продукциясын) Кытай рыногуна экспорттоону жогорулатууга аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.
Буга катар кытай тарап Инвестиция жана өнөр жай кызматташтыгы боюнча кыргыз-кытай жумушчу тобунун алкагында Ишкерлер кеңешин түзүүгө даярдыгы тууралуу маалымдады.
Кеңешменин жыйынтыгында тараптар 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн орто жана узак мөөнөттүү программасына жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 15-жыйынынын протоколуна кол коюшту.