Кыргызстан Россиядан бюджетти колдоого 10 млн доллар алат

Кыргызстан Россиядан бюджетти колдоого 10 млн доллар алат

Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн Россиядан 10 млн доллар грант алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди.

Кулубаевдин айтымында, акча күзүндө келе баштайт. Министр ошондой эле Россия Кыргызстанга 8 млн долларга өрт-куткаруу техникасын берерин да билдирди.

Эске салсак, февраль айында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров РФнын премьер-министри Михаил Мишустинге өткөн жылдын аягында көрсөтүлгөн каржылык жардам үчүн ыраазычылык билдирген. Жапаровдун билдиргенине таянсак, Россия бюджетти колдоо үчүн 10 млн доллар бөлгөн. Россиялык басылмалардын маалыматы боюнча, бул каражат 2022-жылдын 31-мартына чейин келиш керек болчу.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин расмий сайтында КР жана РФнын өкмөт башчыларынын жолугушуусу тууралуу билдирүүдө бюджеттик колдоо тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Бул тууралуу кыргыз басылмалары россиялык расмий булактардан билишти.

Кеп ошол мурдагы берилиш керек болгон каражаттар жөнүндө болуп жатабы же РФнын өкмөтүнөн жаңы колдоо келеби министр ал тууралуу так маалымат берген жок.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев: 2025-жылы Ош облусуна 8,543 млрд сом бөлүндү

Адылбек Касымалиев: 2025-жылы Ош облусуна 8,543 млрд сом бөлүндү

2025-жылы капиталдык салымдар беренеси боюнча мамлекет Ош облусуна 8,543 млрд сом бөлгөн, анын 8,1 млрд сому толук каржыланган, деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өткөрүлгөн коллегияда. Бул каражат 357 объектке жумшалды. Анын ичинен 242 социалдык объектке багытталган: 133 мектеп, 57 бала

Кыргызстан 17 түр айыл чарба продукциясын экспорттой алат

Кыргызстан 17 түр айыл чарба продукциясын экспорттой алат

Айыл чарба министрлиги маалымдагандай, учурда Кытай менен айыл чарба продукциясынын 15 түрүн жеткирүү боюнча протоколдорго кол коюлган. Жакын арада жаңы документтерге кол коюу аркылуу бул тизмени кеңейтүү пландалып жатат. Жалпысынан бүгүнкү күндө Кыргызстан айыл чарба продукциясынын 17 түрү боюнча экспорттук мүмкүнчүлүккө ээ. Кыргызстандын айыл чарба продукциясы бир катар мамлекеттерге экспорттолот:

Чет өлкөлүк туристтерге төөлөр кортежи менен “Кыргыз көчүн” уюштурабыз – Шербото Күрөңкеев

Чет өлкөлүк туристтерге төөлөр кортежи менен “Кыргыз көчүн” уюштурабыз – Шербото Күрөңкеев

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну Шербото Күрөңкеев атасы Турумбек Күрөңкө уулунан калган мурас – төө багууну улантып келет. Буларды асыроо, көбөйтүү абдан машакаттуу түйшүк экенине карабай айылдык фермер  бул уникалдуу, -40 градус сууктан +50 градус суукка чыдамдуу, катаал шарттарда жанын багып кете ала турган төөлөрдү көбөйтүүнү колго алган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кеткени маалым болду

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кеткени маалым болду

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кеткенин бүгүн “Регион” телеканалынын башчысы, Камчыбек Ташиевге жакын журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жазып, видео жарыялады.  Буга улай ал экс-төрага эмне себептен чыкканын тастыктаган эмес. Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин