Оштон Бишкекке билет жок же өтө кымбат. Эки компания монополия кылып алды - Ош калкы нааразы
“Ош шаарым” деп аталган “Фейсбуктагы” баракчада Дастанбек Аматов аттуу жарандын Ош – Бишкек аба каттамы боюнча билеттердин кымбаттыгы жана аны эки компания монополияга айлантып алгандыгы тууралуу жазганы башкалардын да көңүлүн буруп, аны 500дөй адам бөлүшкөн.
Анын айтымында, Оштон Бишкекке билет жок, болсо дагы 3500 сомдон жогору.
“Эки компания монополия кылып, элди кыйнап бүтмөй болду. “Пегасус” компаниясы бар убагында билет 2500 сомдон жогору болгон учур аз болчу. Өзүбүздүкүн колдойлу дейсиң, бирок мынтип ашырып жиберишет. Атаандаштык болсо гана алдыга жылабыз. Грузиянын тажрыйбасын эске алсак: Саакашвили жаңы президент болгондо, өлкөдөгү монополияны жок кылып, авиакомпаниялардын санын көбөйткөн. Билет баалары дээрлик үч эсе түшкөн. Биз дагы бул тармака дүйнөлүк лоукостерлерди чакырсак, элдин жүгү кыйла жеңилдемек”, – дейт Оштун тургуну.
“Манас” эл аралык аэропортунун” (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) 25-июлдагы берген маалыматына таянсак, Бишкек – Ош – Бишкек багыты боюнча учуулар TEZ JET авиакомпаниясы тарабынан жумасына 42 жолу (күнүнө 6 каттам), Avia Trafic Company жана «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниялары жумасына 7 каттамдан аткарып келишет. Ош облусунун калкынын нааразычылыгын эске алганда, бул каттамдар да жетишсиз экени көрүнүп турат.