Такси тармагында өз алдынча иштөө: өзгөчөлөнгөн салыктык режим Кыргызстанга эмне бериши мүмкүн?

Жакында эле Өзбекстанда жеке таксисттерге өз алдынча иштөөгө уруксат берилди. Economist атайын салык режиминин артыкчылыктарын жана аны биздин өлкөдө жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында колдонуунун мүмкүн болуучу артыкчылыктарын иликтеп чыкты. Анын билинбеген мүчүлүштүктөрү барбы же бул келечектин форматыбы?

Өзүн-өзү иш менен камсыз кылган ким?

Кыскача айтканда, бул жумушчу да, жумуш берүүчү да бир эле киши болуп саналат. Ишке орноштуруунун бул модели иш менен камсыз кылууну жөнөкөйлөтүп, салыктарды төлөөнү ачык-айкын кылат, салык жыйымдарын көзөмөлдөөнү жана чогултуунунун сапатын жогорулатат. Мында мамиле колдонулуп жаткан өлкөлөрдө өз алдынча иштегендерди бухгалтердик отчетсуз жана декларациясыз электрондук каттоонун жөнөкөйлүгү кызыктырат. Бардыгын мобилдик тиркеме аркылуу бир нече мүнөт ичинде жасоого болот. Мамлекет үчүн бул жумушчуларды көз жаздымдан чыгарбастан, алардан салык жыйымдарын алуу. Органдар бардык тармактагы кызматкерлердин чыныгы абалын жана көйгөйүн жакшы түшүнөт, ошондуктан алар алдыдагы өзгөрүүлөрдү жакшыраак пландаштырып, оптималдаштырып жана көзөмөл жүргузө алышат.

Биздин жакынкы коңшуларда мыйзамдуу жана тез арада киреше табуу мүмкүнчүлүгү чечүүчү фактордун бири катары каралат. Өзбекстанда таксилердин ишмердүүлүгү президенттин 2006-жылдагы жарлыгы менен жөнгө салынган, ага ылайык жүргүнчүлөрдү коммерциялык негизде ташуу менен юридикалык жактар гана алектене алышат. 2021-жылдын жазында бийлик эксперимент катары, жеке адамдарга ушул жылдын декабрына чейин таксиде жеке ишкер болуп иштөөгө уруксат берди.

Бул кезектеги кадам. Таксомотордук бизнесте өз алдынча иштегендер киреше салыгынан бошотулду. Иш жүпгүзүү үчүн эми алар болгону 27 долларга (болжол менен 2150 сом) лицензия баракчасын алышы керек жана жылына бир жолу милдеттүү түрдө медициналык жана техникалык кароодон өтүшү зарыл. Ошондой эле өз каалоосу менен иш тажрыйбасын эсепке алуу үчүн социалдык салык төлөшү мүмкүн.

Ал эми Кыргызстандачы?

Кыргызстандын салык мыйзамдарында “өз алдынча иштегендер” деген конкреттүү түшүнүк жок. Бирок атайын салык режими – патент бар. Ал эки категорияга бөлүнөт: өз алдынча ишкердик менен алектенүү жана өз алдынча эмгектенүү ишмердүүлүгү. Биринчи категориядагы ишкерлер патент үчүн акча төлөйт, анын баасына киреше салыгынын ордун толтурат жана кызматкерлерди жалдоого укугу болот. Экинчисинде жалданма эмгекке тартуу укугу жок жана киреше салыгынын ордуна патент алуу менен киреше салыгын төлөйт. Патент менен өз алдынча иштөө режиминин негизги айырмасы – сиз мыйзамдуу негизде кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн аласыз. Ал кызматты көрсөтөсүңбү, андан пайда табасыңбы – патенттик системада мааниси жок, патентке ээ болгон үчүн төлөшүң керек. Ал эми өзүн-өзү иш менен камсыз кылуу режими, адатта, жеңилдетилген – башкача айтканда, сиз өзүңүздүн ишиңиздин жүгүртүүсүнөн же ишканаңыздын ишмердигине карабай, түздөн-түз төмөндөтүлгөн пайыз төлөйсүз.

«Жеке ишкердик менен алектенген элдер калкка кызмат көрсөтүп жаткандан кийин, мыйзамга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-августунан баштап көзөмөл – кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү болушат. Такси тармагында болсо, киреше тууралуу маалыматтарды автоматтык түрдө салык органына өткөрүп берүүчү атайын маалыматтык системада катталгандар гана өзгөчөлөнө алат. Ал эми өздөрү үчүн иштеген таксисттер ККМ колдонууга аргасыз болушат. Бул алар үчүн жеке ишкердик ишмердүүлүк категориясынан жеке эмгек ишмердүүлүгүнүн категориясына өтүүгө негиз болуучу маанилүү аргумент.

Мындай болгон учурда, өзүн-өзү иш менен камсыз кылган такси айдоочулары терең дем алып – ККМ колдонуудан оолак болуу менен бирге, патенттин наркынын төмөндөшүн талкуулай алышмак.

Бирок, азыр андай мүмкүнчүлүк жок, анткени такси кызматтары жеке ишкердиктин ишмерүүлүгү үчүн патенттердин тизмесине киргизилген», – дейт «Баланс сервис» компаниясынын жетекчиси Валентина Сорина.

Башкача айтканда, айдоочулардын патент алып жүрүүсүнүн бонусу ашып кетүүдө. Ал эми атайын режим киргизүүдөн мамлекет үчүн кандайдыр бир пайда барбы?

“Система экономиканын жүгүртүлүшүн көрүп турушу керек”

Кыргыз Республикасынын президентинин Аппаратынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов белгилегендей, Өзбекстандын тажрыйбасын изилдеп чыгуу керек.

«Бул сектордун өнүгүү тарыхы таптакыр башкача. Эгерде Өзбекстанда мамлекеттик жөнгө салуу ар дайым болгон болсо, бизде калкты иш менен камсыз кылуу аракети өз убагында колго алынган эмес. Бүгүнкү күндө биз таксилерди электрлештирүүгө көбүрөөк кызыкдарбыз, – дейт Алмаз Насирдинович. – Жалпысынан өзүн өзү иш менен камсыз кылуу маселеси жөнүндө айта турган болсок, анда муну бардык тармактарда колдонууга болот. Бизди маалыматтын өзү, катталышы тынчсыздандырат. Ишкердин кирешеси 8 же 12 миллион сомдон ашпаса, эч нерсе төлөбөсө дагы, система экономиканын жүгүртүүсүн көрүп турушу керек. Бүгүнкү күндө биздин эң чоң көйгөйүбүз сандарды көрбөгөндүктөн, алдын ала так маалымат бере албай жатышыбызда. Айрым маалыматтарга караганда, өлкөбүздүн экономикасы биз ойлогондон, 4 эсе чоң. Көптөгөн компаниялар рынокко кирбейт, анткени алар өздөрүн кичинекейбиз, деп эсептешет. Ал эми шаардык экономика абдан олуттуу. Ошондуктан мындай тажрыйбаны кабыл алсак, анда аны принцип катары коюшубуз керек: кимге, кантип жардам берерин билүү үчүн бул тармакты көрүп турушубуз керек, анткени мамлекеттин ролу – калктын кирешесинин туруктуулугун сактоо болуп саналат”.

Өзүн-өзү иш менен камсыз кылуу режими жумушчулар үчүн жагымдуу жана ийкемдүү болгондуктан, жүгүртүүнү эсепке алууда жана рыноктогу кырдаалды чагылдырууда жардам бере турган потенциалга ээ болушу мүмкүн. Балким, Кыргызстанда аны киргизүү үчүн, биринчи кезекте ушул көйгөйдү чечүүгө ыңгайлаштыруу керек. Азырынча бир нерсе айкын –эмгек мамилелери системасын өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам катары Өзбекстандын жана коңшулардын тажрыйбасын карап чыгуу зарыл.

Read more

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас районунун Беш-Таш айылында быйыл күзүндө Арашан бренди менен ичүүчү минералдык суу чыгаруучу кичи завод иштей баштайт. Долбоор Талас районунун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Башкармалыкта белгиленгендей, ишкананын курулушуна 10,1 млн сом каралса, анын 7 млн сому жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн.

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын Борбордук анализ жана аналитикалык лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык стандартына ылайыктуулугу боюнча аккредитациялык сертификатка ээ болду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Компания белгилегендей, бул стандарт сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенциясына талаптарды белгилейт жана алардын масштабына карабастан лабораториялык сыноолорду жүргүзгөн бардык уюмдарга жайылтылат. Аккредитация

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

2025-жылдын 23-июлунда «Альянс Алтын» компаниянын расмий штаттык курамына 1000-кызматкер кабыл алынды. Бул тууралуу ишкана билдирди. Такталгандай, жаңы кызматкер Сасык-Булак айылынын (Шумкар-Уя айыл аймагы) тургуну Сыргак уулу Бекболсун болду. Ал 18-июлда ишкананын Автотранспорт башкармалыгынын Автоунааларды оңдоо кызматына нөөмөтчү автослесарь болуп жумушка орношкон. Бул символикалык сан кызматкерлердин катары көбөйүп жатканын гана эмес,

Таласта аймакты өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынды — «Альянс Алтын» ишке ашырууга жардам берет

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү облустун социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын кабыл алды. Ишке ашырууну министрлер кабинети «Альянс Алтын» компаниясы менен биргеликте ишке ашырат. Бул тууралуу облус жетекчиси Эрмат Жумаев билдирди. Долбоорлорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүп, аймактын ар тараптуу өнүгүүсүнө стимул болот деген ишенимин билдирди. «Акыркы 10 жылда «Альянс