«Альянс Алтын» Талас облусун өнүктүрүү үчүн Венгер-Кыргыз фонду менен кызматташат
Кечээ, 27-июлда «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов менен Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Темирбек Эркинов өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшканын «Альянс Алтын» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.
Меморандумдун максаты – узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү түзүү жана өнүктүрүү болуп саналат. Темирбек Эркинов белгилегендей, «Альянс Алтын» Талас облусун өнүктүрүүгө басым жасайт жана Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ар кандай долбоорлорду каржылоого жана Венгриянын жабдууларын сатып алууга жардам берүүгө даяр.
«Алдыда чоң долбоорлор турат, аларды ишке ашырууга Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташуу буга жардам берет деп ишенем. Биргелешип Талас облусу үчүн көп иштерди жасай алабыз», – деди Сабир Рахматов.
Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууга макулдашышты:
- Талас облусунда кичи жана орто бизнес тармагындагы бизнес-долбоорлорду алдыга жылдыруу жана ишке ашыруу
- Жаңы өндүрүштүк кубаттуулукту жана жумушчу орундарды түзүүгө көмөктөшүү
- Талас облусунун ишкерлери менен Венгриянын ортосундагы байланыштарды түзүү
- Долбоорлорду, анын ичинде инновациялык долбоорлорду каржылоонун шарттары жөнүндө маалымат берүү
- Венгрияда жасалган товарларды, кызматтарды жана жабдууларды издөө
- Рыноктун ар кандай сегменттери боюнча аналитикалык жана статистикалык маалымат алмашуу
- Мал чарбасын, сүт азыктарын өнүктүрүү жана аларды сатууга көмөктөшүү.