Электр энергиясына арзан тарифтерди колдоого 6 млрд сом бөлүнөт
Калк үчүн төмөн тарифтерди колдоого 6 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу кечээ, 27-июлда маалымат жыйынында Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин тиешелүү токтомго кол коюлган. Бул акча калк үчүн тарифтерди субсидиялоого жумшалат.
Энергетика министрлиги 2021-жылдын аягында электр энергиясынын өздүк наркы 1 кВт/саатка 1.5 сомдон ашканын белгиледи. Учурдагы тарифтер аны жаппайт.
Бекмурзаев жакынкы аралыкта Кыргызстан тарифтерди кайра карап чыгышы керек. Министрдин айтымында, келерки жылы минималдуу тариф 1.5 сом болсо, 2030-жылы ал эки эсеге көтөрүлүшү керек.