Долларды нак акчага айландырууда алынган комиссиянын өлчөмүн банктар өздөрү бекитет - Улуттук банк

Долларды нак акчага айландырууда алынган комиссиянын өлчөмүн банктар өздөрү бекитет - Улуттук банк

Улуттук банк, бүгүн, 28-июлга карата банк секторундагы жана валюта рыногундагы жагдай тууралуу кенен маалымат берди.

Анда регулятор банктардын маалыматтарына ылайык, АКШ долларын нак акчага айландыруу үчүн комиссиянын минималдуу өлчөмү нак акчага айландырылып жаткан чет өлкө валютасынын суммасынан 0.4%, ал эми максималдуу өлчөмү 5%ды түзөрүн айтат.

“Мында банк мыйзамдарында банктар тарабынан керектөөчүлөр үчүн маалыматтардын ачык-айкындулуугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен, өз кызмат көрсөтүүлөрү үчүн комиссиялык сый акылардын жана тарифтердин өлчөмүн өз алдынча белгилөө каралган”, – дейт Улуттук банк.

Ошондой эле өлкөнүн башкы банкы нак чет өлкө валютасынын жетишсиздиги шартында коммерциялык банктар тарабынан, өз ишинде тобокелдиктерди төмөндөтүү жана кардарлар алдындагы милдеттенмелерин аткаруу максатында, АКШ долларынын зарыл көлөмү менен камсыз кылуу жагында иштер жүргүзүлүп жатканын жана алып-сатарлык операцияларынын көбөйүп жаткандыгын эске алып, нак АКШ долларын берүү/алмаштыруу суммасы боюнча чектөөлөр киргизилип жана/же кошумча комиссиялар белгиленип жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Сууда 4 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды

Кара-Сууда 4 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды

Кара-Сууда Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүнө таандык жалпы аянты 4 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.  Маалыматка ылайык, иликтөөнүн жүрүшүндө жер тилкелери жер мыйзамдарын бузуу менен катталгандыгы аныкталды.  Кеп болуп жаткан жер "Айыл чарба жерлери" катары классификацияланган, бирок чындыгында башка максаттарда колдонулган.

Былтыр Солтон-Сарынын Бучук тилкесинен 876,3 килограмм алтын өндүрүлгөн

Былтыр Солтон-Сарынын Бучук тилкесинен 876,3 килограмм алтын өндүрүлгөн

Нарын райондук администрациясы берген маалыматка ылайык 2025-жылы Солтон-Сары кенинин Бучук тилкесинде 876,3 килограмм алтын өндүрүлгөн. Кендеги алтын ылгоочу фабрика 2024-жылдын октябрь айында сыноо режиминде иштей баштаган. Ишкана жылына 600 миң тонна кен иштетүүгө жана болжол менен 1,8 тонна алтын өндүрүүгө эсептелген. Долбоорго салынган инвестициянын көлөмү 12 млрд сом

Бишкекте 18–21-февраль күндөрү "Агродиалог-2026" форуму өтөт

Бишкекте 18–21-февраль күндөрү "Агродиалог-2026" форуму өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2026-жылдын 18–21-февраль күндөрү "Агродиалог-2026" форумун өткөрөт. Форумдун алкагында: * 18-февралда "Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык боюнча чемпиондор мастер-классы"; * 19-февралда – "Мал чарба тармагы боюнча чемпиондор мастер-классы"; * 20-февралда – "Кайра иштетүү жана экспорт" багытындагы тематикалык сессиялар

Кыргызстандык балбан кыз пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдеште алтын медаль жеңип алды

Кыргызстандык балбан кыз пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдеште алтын медаль жеңип алды

Адина Самыйбек кызы пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при мелдешинде алтын медаль жеңип алды. Мындай билдирүүнү Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, КРнын пара жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Адина Самыйбек кызы дүйнөлүк Гран-при мелдешинде диск ыргытуу боюнча биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынган. Аталган