Карыз бар үчүн өлкөдөн чыгууга чектөө коюлганын кантип текшерсе болот? Жогорку Соттон жооп
Чек арадан өтүп жатканда жаран мамлекеттик мекемелерге кандайдыр бир карызкор экенин билип, күтүлбөгөн жагдайларга туш болбоо үчүн карызын КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин расмий сайтынан текшерүүгө болорун аталган мекеме билдирди.
Сот департаментинин расмий сайтындагы “Карыз абалын текшерүү» рубрикасы аркылуу, ар бир жаран өзүнүн идентификациялык коду менен карызкор катары ал боюнча аткаруу өндүрүшүнүн бар экендигин текшере алат.
Карыз абалын текшерүү — бул аткаруу өндүрүшү боюнча маалыматты сактаган жана системалаштырган Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн бирдиктүү маалыматтык базасы болуп саналат.
Карыз абалын текшерүү сервиси КРнын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы “Түндүк” менен интеграцияланган жана карыздардын бар экендиги жөнүндө кененирээк маалыматты порталдан жеке кабинетке кирүү аркылуу алса болот.
Мындан сырткары, бүгүнкү күндө карыз абалын текшерүү “Мбанк” мобилдик тиркемеси аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Эскерте кетсек, Мамлекеттик салык кызматы карызы бар жарандарды КРдан чыгуусуна убактылуу тыюу салган чара иштеп чыккан.
