Комбанктар которулган акчаны накталай акча алмаштыруу курсу менен гана конвертациялай алышат
Коммерциялык банктар которулган акчаларды маалымат тактасында көрсөтүлгөн накталай акча алмаштыруу курсу боюнча гана конвертациялай алышат.
Мындай өзгөртүүлөр кечээ, 27-июлда Улуттук банктын “КРда акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүү эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна киргизилген.
Төлөм системалары башкармалыгы чечимди бир күндүн ичинде коммерциялык банктарга жана акча которуу системасынын операторлоруна жеткирүүгө милдеттүү.
“Акча которуу системасы аркылуу келген акчаны төлөм валютасынан башка валютага конвертациялоо КРнын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Акча которуулар банктар тарабынан чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жана сатуу курстарынын маалымат тактасында көрсөтүлгөн курс боюнча гана конвертацияланат (накталай акча алмаштыруу боюнча), – деп айтылат маалыматта.